Афган өкмөтү Талибан менен сүйлөшүүлөргө катышуу шартын билдирди

Афган өкмөтү Талибан менен сүйлөшүүлөргө катышуу шартын билдирди

Афганистан Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: “Эгерде “Талибан” кыймылы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экендигин көрсөтсө, расмий Кабул Москвада же башка жерде өткөрүлүүчү сүйлөшүүлөргө катышат”, – деп айтылат. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

Мындан бир аз мурда, Афганистан Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Сибгатулла Ахмади расмий Кабул Афганистан маселеси боюнча өткөрүлүүчү “Москва форматындагы” жолугушууга катышпастыгын жана бул чечим АКШ позициясына көз каранды эместигин билдирген эле.

 “Эгерде “Талибан” кыймылы кандайдыр мөөнөт тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экендигин көрсөтсө, ал Москва форматы болобу, же башка жерде болобу айырмасыз, Афганистан өкмөтүнүн делегациясы да катышууга даяр”, – деп айтылат билдирүүдө.

 Расмий билдирүүгө ылайык, “Талибан” кыймылы тынчтык чакырыгына жана түзмө-түз сүйлөшүүлөргө каршы чыккан о.э. эл аралык жана аймактык тынчтык принциптерин урматтабастыгын көрсөткөн.

Документте келишинче, ушуга байланыштуу “Москва форматында” өтүүчү жолугушууга “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн катышуусу зарыл болуп эсептелбейт.

 Билдирүүдө: “Жогоруда айтылган принциптерге таянган абалда, “Талибан” аны менен сүйлөшүүнү зарыл деп эсептебегендей эле, Афганистан өкмөтү да аталган жолугушууга катыша албайт”, – деп айтылат.

Буга чейин “Рейтер” агенттиги “Талибан”дын өкүлдөрү 4-сентябрга пландаштырылган сүйлөшүүлөргө катышуу сунушун кабыл алгандыгын кабарлаган.

Россия Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Афганистан маселеси боюнча 4-сентябрда өткөрүлүүчү “Москва форматындагы” сүйлөшүүлөргө 12 мамлекет, анын ичинде АКШ да чакырылган. Бул сүйлөшүүгө талиптердин Доха шаарындагы саясий кеңсесинин жетекчилиги да чакырылган. АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү, АКШ бул жолугушууну эффективдүү эмес деп эсептегендиктен, бул жолугушууга катышпастыгын билдирген.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago