Өзбекстан менен Тажикстандын коргоо министрлери аскерий кызматташтык долбооруна кол коюшту

Өзбекстан менен Тажикстандын коргоо министрлери аскерий кызматташтык долбооруна кол коюшту

7-август күнү Өзбекстандын коргоо министри генерал-майор Абдусалом Азизов Өзбекстанга расмий сапар менен келген Тажикстандын коргоо министри генерал-полковник Шерали Мирзо башчылыгындагы аскерий делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу, Өзбекстан коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлаган.

Жолугушуунун алкагында Өзбекстан жана Тажикстан ортосундагы аскерий кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланып, аскерий-техника багытындагы алакаларды бекемдөө боюнча пикир алмашылды.

Өзбекстан коргоо министри эки мамлекет ортосундагы достук алакаларды жогору баалады жана үстүбүздөгү жылдын март айында Өзбекстан жана Тажикстан президенттери ортосунда болуп өткөн жолугушуу өтө маанилүү жолугушуу болгондугун баса белгиледи.

 “Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга болгон сапары тарыхый сапар болду жана ушул окуя эки мамлекет ортосундагы кызматташтыктын туруктуу өнүгүшүнө жакшы түрткү болду”, – деди Азизов.

О.э. Өзбекстан коргоо министри эки өлкөнүн коргоо тармагы боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүсү өтө маанилүү экендигин айтып өттү.

Тажикстан коргоо министри жылуу кабыл алганы үчүн ыраазылык билдирип, Өзбекстан куралдуу күчтөрү региондогу эң күчтүү жана заманбап курал-жарактарга о.э. аскерий кызматкерлери согуштук машыгуулар жаатында жакшы базага ээ экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда ушул жылы көп тараптуу алакалар өнүккөндүгү жана мамлекеттер аралык максаттуу долбоорлор ишке ашырылгандыгы айтылды.

Жолугушуу учурунда Тажикстан коргоо министри өзбекстандык аскерий кызматкерлерди татаал шарттагы машыгууларга катышууга о.э. армиялар ортосунда спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки мамлекеттин коргоо министрлери 2018-жылдагы аскерий кызматташтык долбооруна кол коюшту.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

2 days ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

2 weeks ago