Медведев: НАТОго мүчө өлкөлөр Россияга душманындай карашат
“НАТОго мүчө мамлекеттер Россияга душманы сыяктуу карашат, алардын аскерий мүмкүнчүлүгү, айрыкча, ядролук триадасы да Россияны бутага алган”, – деди Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев.
“Биз СССР жана Варшава келишими кандай көрүнүштө кулагандыгына күбө болгонбуз. Ал эми ошол эле учурда НАТО сакталып калды жана ал бүгүнкү күндө Россия Федерациясын ар тараптан курчап алууга аракет кылууда. Бул жерде сөз Россиянын саясий жетекчилиги кимгедир жагышы же жакпашы жөнүндө эмес, алдан кандай идеологиялык принциптер же баалуулуктар ортосундагы айрымада да эмес, сөз жөнөкөй нерселер жөнүндө, ар кандай карапайым жаран үчүн белгилүү болгон нерселерде”, – деди Медведев “Коммерсантъ” гезитине берген интервьюсунда.
“Учурда бири-бирине карама-каршы болгон, ачык айтканда бири-бирине согуш ачкан эки блок бар болгон кырдаал эмес. НАТО болсо аракеттерин улантууда. НАТО ишмердүүлүгүн жөн эле улантып жаткан жок, ал барган сайын кеңейүүдө жана Түндүк атлантикалык альянска көбүрөөк мамлекеттерди кошууга аракет кылууда”, – деди РФ премьер-министри.
Медведевдин айтышынча, Россия өкмөтү бул абалга кайдыгер карай албай турган бир нече себептер бар.
“Биз буга кайдыгер мамиледе боло албайбыз, себеби, эч ким дүйнөдөгү ядролук үстөмдүктү жокко чыгарбаган, аскерий командачылар үчүн болсо түрдүү өлкөлөрдөгү стратегиялык ядролук күчтөр ортосундагы тең салмактуулукту түшүнүү өтө маанилүү. НАТО мамлекеттери болсо – бул альянстагы биздин кесиптештерибиз эмнелерди гана айтпасын – Россия Федерациясын потенциалдуу душман катары кабыл алышат. Белгилүү болгондой, алардын аскерий мүмкүнчүлүктөрү, ошону менен бир катарда, ядролук триадасы да Россия Федерациясына каратылган. Өкүнүчтүүсү, бул факт!” – деди Медведев.
Медведевдин айтымында, Россия Федерациясынын айланасындагы НАТО алкагы барган сайын кыскарып, НАТОго мүчө болуп жаткан мамлекеттердин саны көбөйүп бара жатканы, албетте Россия Федерациясын тынчсыздандырат.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…