Иран Сириядан чыгып кетүү шарттарын маалымдады
Иран Сириядагы кырдаал жөнгө салынып, терроризмге каршы күрөш аяктаса ал жердеги аралашуусун айзайтат же биротоло чыгып кетет. Бул тууралуу Иран тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Бахром Косими кабарлады.
Косими “Pana” агенттигине берген интервьюсунда: “Биз бул мамлекетте Сирия өкмөтү канча кааласа, ошончо болобуз. Сирия бийлигинин кайрылуусунан тышкары, терроризмге каршы күрөш да маанилүү милдет болгон эле. Биз Сирия туруктуулукка жакын экени, терроризм менен күрөшүү аяктап жатканы жана олуттуу ийгиликтерге жетишилгенин көрөрүбүз менен, албетте, бул мамлекеттеги аралашуубузду кыскартабыз же бүтүндөй чыгып кетебиз”, – деди.
Июль айынын орто ченинде Ирандын жогорку жетекчиси Аятулла Али Хамейнинин эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Али Акбар Велаяти Ирандын Сириядагы аралашуусу улана беришин, антпесе террорчулар активдүү аракетке өтүшү мүмкүн экендигин билдирген эле. Анын айтымында, Иран кошуундары Сирияда расмий Дамасктын суранычы менен турат о.э. башка мамлекеттин, ошону менен бир катарда, АКШнын мамлекеттен кошуундарды алып чыгуу талабы күлкү келтире турган иш. Мындан тышкары, Ирандын Сириядагы аралашуусунун (Израилге) эч кандай байланышы жок.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…