КМШ эксперттери куралдуу күчтөрдүн биргелешкен байланыш системасын түзүүнү талкуулашат
КМШ мамлекеттеринин эксперттери Минскте КМШ мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен байланыш системасы туурасындагы келишим долбоорун талкуулашат.
“1-2-август күндөрү КМШ Аткаруу комитетинде КМШга мүчө өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен байланыш системасы туурасындагы келишим долбоору боюнча эксперттик тобунун жыйыны болуп өтөт”,- деп айлытат кабарда.
Кабарда келишинче, келишим долбоорун Россия тарап иштеп чыккан.
Туркистон:
БУУ башчылыгындагы дүйнөлүк башкаруу системасы кризиске жүздөнүп барууда. Акыркы жылдарда БУУ АКШнын гана кызыкчылыктарын коргоо үчүн иштеп жаткан уюм экендиги ашкере болуп барууда.
Акыркы кезде БУУ өзүнө мүчө мамлекеттер жылдык төлөмдөрдү төлөбөй карызга батып кеткенине арызданып, эгерде карыздар төлөнбөсө уюм ишмердүүлүгүн токтотушу мүмкүндүгү тууралуу билдирүү берди. БУУга эң көп карызы бар мамлекет АКШ экендигин эсепке алсак, демек, АКШ БУУ уюмунун ишмердүүлүгүн токтотмокчу болуп жаткандыгы тууралуу күмөн пайда болот. Себеби, АКШнын ички экономикасында олуттуу каржылык жана экономикалык проблемалар пайда болуп, Трамп бул проблемаларды чечүүгө аракет кылууда. Ушул максатта НАТОну каржылоонун бир бөлүгүн Европага жана башка мүчө мамлекеттердин мойнуна жүктөдү. Араб мамлекеттери менен да, басым өткөрүү жана аларга берилип келген ар кандай финансылык дотациялардан баш тартуу о..э. алардан мүмкүн болушунча көбүрөөк материалдык жана финансылык пайдаларды өндүрүп алуу негизинде мамиле кылууда. Ушундан келип чыгып, шоу бизнес өкүлү болгон Трампты президенттикке алып келишти. АКШнын жетекчи тобуна – мамлекеттин дүйнөлүк жетекчилигин кармап туруу себептүү кирип келе жаткан финансылык кризистерден кутулуу үчүн – Трамп сыяктуу уятсыз жана жүзү жок бизнесмен керек эле. АКШ дүйнөлүк башкаруу системасын жаңыртууга аракет кылгандай болууда.
Жаңы калыптана турган дүйнөлүк башкаруу системасына АКШга ыктаган бир нече мамлекет кошулушу мүмкүн. О.э. бир нече мамлекетти катарынан чыгарып жибериши күтүлөт. Ошолордун катарында Россия да болушу мүмкүн. Ошондуктан, Россия азыртадан баштап өзү үчүн дүйнөлүк болбосо да белгилүү бир региондо таасири бар уюм пайда кылууга аракет кылат. Россия мурдагы СССРден калган бир нече мамлекетти өз таасири астында кармап калууга аракет кылып көрөт. Бирок, анын дүйнөлүк система жана эл аралык саясаттагы орду о.э. саясий, экономикалык жана финансылык абал жана шарттары бул максатын жүзөгө чыгарууга мүмкүнчүлүк бере ала албайт. Ошондуктан, Россия КМШ мамлекеттери үчүн аскерий мүмкүнчүлүктөрдү гана сунуштай алат. Бул болсо, эл аралык уюмга дүйнөлүк саясий аброй алып келе албай турган алсыз сунуш!
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…