Кыргызстан менен Өзбекстан коргоо министрликтери ортосунда аскерий кызматташтык планына кол коюлду
12-июнда Өзбекстандын коргоо министри Абдусалом Азизов Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы генерал-майор Райымберди Дуйшөнбиев баштаган делегацияны кабыл алган. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат каражаттары кабарлашты.
Кабарда келишинче, жолугушуунун жүрүшүндө коргонуу тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги талкууланып, аскерий багытта байланыштарды бекемдөө боюнча пикир алмашуу болгон. Мындан тышкары, тараптар Борбор Азияда коопсуздукту камсыздоо маанилүү маселе экендигин баса белгилешкен.
Коргоо министри Азизов, Кыргызстан президентинин 2017-жылдын сентябрь жана декабрь айларындагы Өзбекстанга расмий сапары эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү окуя болуп калгандыгын айтып өткөн.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн коргоо министрликтери ортосундагы кызматташтык планына кол коюлду.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу27-декабрда башталат Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу 20-декабрда президент…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…