Путин: Сирия согушу жаңы куралдарыбызды сыноодон өткөрүү үчүн теңдешсиз мүмкүнчүлүк болду
Россия президенти Владимир Путин Сириядагы аскерий операциялар Россия куралдуу күчтөрү учун укмуштай тажрыйба болгондугун билдирди. Путиндин айтымында, Россиянын Сирияда согушка кириши орус армиясынын согуштук мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жана жаңы куралдарды сыноо үчүн баа жеткис мүмкүнчүлүк болгон.
Россия мамлекеттик телерадио каналында эфирге чыгуучу “Прямая линия” программасы учурунда Путин: “Согуш майданында куралдуу ишке салуу алар үчүн укмуштай тажрыйба о.э. куралдуу күчтөрүбүздү өнүктүрүү үчүн теңдешсиз каражат болду. Эч кандай машыгууларды, согуштук шартта күч колдонууга салыштырып болбойт”, – деди
Крым маалымат агенттигин кабарына таянсак, Путин мындан тышкары, “Кагазда жаңы куралдарга ээ болуу бир нерсе болсо, ошол куралдардын иш жүзүндө кандай иштешин көрүү таптакыр башка нерсе. Офицерлерибиз жана генералдарыбыз заманбап куралдар менен согушуунун маанисин түшүнө башташты” деп кошумчалаган.
О.э. Путин телепрограммада Сириядагы Россия күчтөрү качан өз милдетин аяктаса гана ал жерден чыгышын баса белгилеп: “Кошуундарыбыз дүйнөнүн бул маанилүү регионундагы Россия кызыкчылыктарын коргоо үчүн ал жерде турат”, – деди.
Орус расмийлери Москва 2015-жылдан бери Сирия согушунда 200дөн ашык жаңы куралын сыноодон өткөргөндүгүн билдирген эле.
Сириядагы адам укуктарын коргоочу уюмдар орус армиясы мектептер, ооруканалар жана туракжайларды бутага алган авиа соккуларда көптөгөн жай тургундарды, ошонун арасында жаш балдар жана аялдарды өлтүргөндүктө айыптап келет. Москва болсо, бул айыптоолорду – бүт дүйнө көрүп турса да – жүзү жоктук менен четке кагып келет.
Туркистон:
Путин жана анын канкор армиясын Аллах кыйроого учуратсын! Ал эми Путиндин армиясы Сирияны урандыга айландырышына сүкүт сактап турган исламий өлкөлөрдүн аскер башчыларын болсо, он эсе кыйроого учуратсын! Алар куфр армияларына миллиондогон мусулмандарды таштап коюшту!
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…