Сирияда Түркиянын куралдуу күчтөрүнө каршы нааразылык акциясы уюштурулду

Сирияда Түркиянын куралдуу күчтөрүнө каршы нааразылык акциясы уюштурулду

Кафер Зейта жана Латамина сыяктуу аймактарда жайгашкан Түркия куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү чекиттерде нааразылык акциялары болуп өттү. Акцияларда Россия күчтөрү аймакта ишке ашырып жаткан бомбалоону токтотуу талабы жазылган баннерлер Түркия тарапка каратылды. Себеби, биринчиден аталган аймактын коопсуздугун Түркия мамлекети кепилдикке алган болсо, экинчиден Россия Түркиянын Сириядагы жакын союздашы.

Астана келишимине ылайык, Россия, Иран жана Түркиядан турган кепил мамлекеттер тарабынан Сирияда “коопсуз аймак” түзүлүп, ал жердеги кырдаалды көзөмөлдөө үчүн түрк куралдуу күчтөрүнүн көзөмөл пункттары уюштурулган эле. Ушуга ылайык, Түркия куралдуу күчтөрүнүн Идлибде көзөмөл чекиттерин орнотушу акысына “коопсуз аймак” катары Идлиб жана анын айланасында бомбалоолор токтотулушу жана бул аймакта согуш болбошу керек эле.

А бирок, Идлиб жана анын айланасында токтошу керек болгон бомбалоолор жана кыргындар токтобой койгон соң, ​​аталган аймакта кепил мамлекеттердин бири болгон Түркияга каршы реакциялар пайда боло баштады. Себеби Түркия куралдуу күчтөрүнүн көзөмөл пунктуна карабастан, Россия азыркыга чейин авиа соккуларын токтотподу жана дагы деле улантууда.

Жакында Идлиб менен Хаманын айланасындагы аймактарды Асад режими менен Россия күчтөрү оор артиллерия менен бомбалашынын натыйжасында көптөгөн адам каза болуп, бул аймак өтө чоң зыянга дуушар болгон .

О.э. ушул акцияларда Түркиянын Сирия калкына көрсөткөн жардамдары да айтылып, акциянын катышуучулары түрдүү ураандар жана баннерлер аркылуу Түркия калкына ыраазылык билдиришти.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago