Атамбаев билдирүү берди

Атамбаев билдирүү берди

Экс-президент Алмазбек Атамбаев  саясий билдирүү менен чыкты.

 “КРнын мурдакы Премьер-министри, СДПКнын Төрагасынын орун басары Сапар Исаковду жана Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдакы Төрагасы, биздин партиянын Саясий кеңешинин мүчөсү Кубанычбек Кулматовду камакка алуу туурасындагы кечээки чечим – бул коррупция менен күрөшүү эмес.

Коррупция менен күрөштө айырмаланган так ушул адамдардын коррупцияга күнөөлөнүп камакка алынышы кадыресе акыл–эске сыйбайт. С.Ж.Исаковдун Өкмөтү ушул жылдын 4 айынын ичинде бюджеттин киреше бөлүгүнүн чыгаша бөлүгүнөн  5 миллиард сомго жогорулашын (профицит) камсыз кылды. Мындай көрсөткүчкө эгемендүү Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу жетишилди”, – деп айтылат билдирүүдө.

 Ошондой эле: “Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээки чечим, бул иш жүзүндө бажы кызматынын көмүскөй кардиналы аты белгилүү “Раим-миллиондун” бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу”, –  деп айтылат.

Ал мындан тышкары, КСДПнын башка мүчөлөрүн, анын ичинде Жалал-Абаддын мурдагы мэри Салайдин Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевди куугунтукка алууну да негизсиз деп эсептей ургандыгын билдирген.

Атамбаевдин айтымында, жоопко Сапар Исаковду эмес, ЖЭБдин эски бөлүгүндөгү аварияга жол берип, Бишкектин тургундарын тоңдурган күнөкөрлөрдү тартыш керек.

 “Айрым адамдар президент С.Ш. Жээнбековду опуртал жолго түртүп жатышат. Мен ага өзүнө мурун эскерткен элем, а ушул жылдын мартында дагы бир жолу өзүмдүн маалымат-жыйынымда айтканга аргасыз болдум”, – деген Атамбаев.

Туркистон:

Кыргызстанда жетекчи топ алмашты, бирок башкаруу системасы өз ордунда калды! Жаңы жетекчи топ да, мурункулары сыяктуу эле сот, прокуратура жана башка күч түзүмдөрүн өз колуна алды. Булар да колундагы ыйгарым укуктан пайдаланып, өздөрүнө жакпаган саясий күч жана адамдарды коомдон, саясий майдандан четтетип жатышат.

Атамбаев өтө алсыз саясатчы жана татыксыз президент эле. Бирок, аны жок кылып, андан кийин анын командасын жок кылган менен, ар кандай жаңы келген жетекчи топ кыска эле убакта “ажыдаарга” айланышына шек-күмөн жок. Раим Матраимов (миллион), Сүйүн Өмүрзаков сыяктуу белгилүү кылмышкерлер жаңы жетекчи топ менен тил бириктире алганы үчүн жоопко тартылбай калышы буга мисал боло алат! Себеби, бийлик алмашканы менен башкаруу системасы алмашкан жок. Эски жана жаңы жетекчи топтордун бардыгы бир саясий чөйрөнүн өкүлдөрү болуп, алардын бардыгы куфрга негизделген капиталисттик башкаруу системасын колдонушат. Ошондуктан, бул топтордун биринен да үмүт жок!……

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

2 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago