Иран менен яхудий вужуду ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөр болуп өттү

Иран менен яхудий вужуду ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөр болуп өттү

Иорданиянын борбору Амман шаарында Иран менен яхудий вужудунун расмийлери ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөр болуп өттү. Калкка жарыя кылынбаган жашыруун сүйлөшүүлөрдө расмий Тегеран Сириянын түштүк батышындагы кагышууларда катышпастыгы боюнча яхудий вужуду менен келишип алгандыгы айтылууда.

Башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан Саудияга караштуу “ИЛАФ” гезити жолугушууга катышкан булакка таянып кабарлагандай, Иран коопсуздук органдарынын курамында Ирандын Аммандагы элчиси Мужтеба Фирдавсий Бур болгон. Яхудий вужуду расмийлеринин арасында Моссаддын башчысынын орун басары болгон. Алар Аммандагы бир мейманкага жайгшатырылып, тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр иорданиялык ортомчу аркылуу жүргүзүлгөн.

Кабарда келишинче, ал сүйлөшүүлөрдө Сириянын түштүк батышында, айрыкча Деръа жана Кунейтра шаарларында жүз бериши күтүлүп жаткан жаңжалдар маселеси көтөрүлгөн.

Кабарда: “Сүйлөшүүнүн натыйжасы катары Иран жана анын хизби Хизбулла о.э. дагы башка шиа топтору аталган аймактардагы жаңжалдарга аралашпастыгы жана Иордания да чек арасынан өткөндөрдү тосушу боюнча келишип алынды”, – деп айтылат.

О.э. жашыруун сүйлөшүүдө Жолон дөңсөөлөрү жана (Израиль)-Иордания чек арасына жакын аймакта жүз бериши күтүлгөн жаңжалга Иран жана анын хизби кошулбаса, яхудий вужуду да аралашпастыгы боюнча келишип алынгандыгы айтылууда.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago