Кыргызстанда жаңы бийлик эски жетекчи топтун коррупциялык иштерин ачууну улантууда
Кыргызстан бийлиги эски жетекчи топтун экономикалык кылмыштарын ачууну улантууда. Алар бул аркылуу учурдагы башкаруу системасындагы бузуку мухитти жашырмакчы болушууда! Кыргызстанда бир нече жолу бийлик алмашты. Бирок учурдагы башкаруу түзүмү жаңы бийликти кыска убакытта эле мурункулардан да өткөн коррупционерлерге айландырып коюуда. Жаңы жетекчилер дагы элдин мүлкүн талап-тоноону улантууда!
Кокустан ачылып калган бул коррупциялык иштер, калктын миллиарддаган акчасын бир топ, же белгилүү бир адамдар өздөштүрүп алганын ачыктап жатат. Ачылбай турган, же жакында ачылышы мүмкүн болбогон кыянаттар мындан бир нече эсеге көп! Жаңы бийлик өзүнүн тиешеси бар коррупциялык кылмыштарды ашкере кылбайт. Атамбаевдин бийликти кармап калууга катуу умтулушуна да ушул нерсе себеп болгон. Эгерде ал бийлик тизгинин кармап калганда, бул кылмыштар ачылбастан, коррупциялык иштер уланып жаткан болмок! Кыргызстан башкаруу системасы ушундай негиздерге курулган. Муну бардык саясатчылар жана элита өкүлдөрү өтө жакшы билишет. Эл аралык башкаруу системасы да ушул кылмыштуу башкаруу системасынан кабардар, керек болсо буга кызыкдар. Алар тузакка түшүрүү негизиндеги бул башкаруу механизми аркылуу алсыз мамлекеттерди өнүгүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышат. Дүйнөлүк куфр системасы өздөрү түзгөн эл аралык мыйзамдарга ылайык ар бир тармак үчүн донор мамлекеттер аркылуу бизге өзүнчө каражаттарды берип туруу милдетин моюнга алышкан. Бирок, колония мамлекеттерине берип жаткан бул каражаттар максатка ылайыктуу иштетилбесин үчүн, атайын коррупцияга баткан жетекчилерди пайда кылуучу бузук саясий мухит (саясий чөйрө) пайда кылып алышат. Натыйжада карызга берилип жаткан акчалардын өтө аз бөлүгү көздөлгөн тармакка жумшалат. Калган бөлүгүн жетекчи топ өздөштүрүп алат. Алар бизге акча ажыратып жатышканда өтө этияттык менен мамиле кылып, бул каражаттар инфраструктура сыяктуу кооздоо иштерине гана жумшалышын көзөмөлдөп турушат. Экономикалык проблемаларды чечиши мүмкүн болгон өнөр жай сыяктуу тармактарга эч качан каражат беришпейт. Натыйжада карыз өсүп, ири мамлекеттердин алсыз жана колония мамлекеттерге карата таасири күчөп бара берет. Дүйнөлүк куфр башкаруу системасы курулган ыплас капиталисттик башкаруу түзүмүнүн чыныгы жүзү ушул!
Кыргыз элитасы бул системадан кабардар болсо да, башка система жоктугу себептүү же алар билбегендиги себептүү, дүйнөлүк системанын ыплас иштерин ачыктоодон өтө коркушат. Ошондуктан, алар бири-бирин т.а. жаңылар эскилерин айыптап, камап же кууп жиберүү менен эл аралык саясатты ыраазы кыла беришет. Себеби, жаңы жетекчи топ да эртең эле эл аралык донорлордун алдына чөгөлөп, садака суроого мажбур болушун жакшы билишет!
Проблеманын чечими бар! Бирок, ал чечим дүйнөлүк куфр системасынын ичинде эмес! Кыргызстан сыяктуу алсыз мамлекеттин ички саясий өзгөрүүлөрү менен да максатка жетүү мүмкүн эмес. Себеби, ар кандай ички саясий проблема, албетте тышкы саясий күчтөр менен эсептешет жана аларга көз каранды болот. Ошондуктан, проблеманын бирден бир чечими – дүйнөлүк куфр башкаруу системасына моюн сунуудан баш тартууда. Ал үчүн жаңы дүйнөлүк мабдаъий башкаруу системасы керек. Бул болсо исламий мабдаъий системаны турмушка кайтаруу аркылуу гана ишке ашат! Себеби, капитализмдин кыйроосу анык экендигин алардын өздөрү да моюнга алышат. Дүйнөдө Ислам системасынан өзгө башкаруу түзүмү калбады! Ошондуктан, жакынкы келечекте исламий Халифалык башкаруу системасы турмушка кайтат, инша Аллах! Ал Кыргызстан же башка исламий өлкөлөр үчүн эле эмес, куфр дүйнөсү жана кафирлер үчүн да ушул дүйнөдө жыргалчылык алып келет, инша Аллах!
Демек, Кыргызстан мусулмандары проблеманы акыл менен түшүнүп жетип, жетекчи топ бири-бири менен тытышып жаткан ыплас мухитти тазалоого салым кошууга шашылышыбыз керек! Кыргыз элитасынан, илманий (светтик) саясатчылардан үмүт жоктугун билген абалда, коомду, элдин мүлкүн, мусулмандар ар-намысын сактап калуу үчүн коомго Исламды алып кирүүгө шашылалы! Куфр системасына негизделген бул башкаруу системасы өзгөрбөй, бири кетип, экинчиси келе берет. Үммөт жаңыларынан үмүттөнөт, бирок башкаруу системасы жана эл аралык саясат өзгөрбөгөндүктөн дагы мурункудай абалга түшө беребиз! Аалымдарыбыз да, жок эле дегенде, үммөттү куфр башкаруусуна байлап берүүнү токтотолу! Өзүбүз куфрдан үмүт жок экендигин билип туруп, куфрга негизделген мусулмандарды колдоо менен Исламды эмес куфрду колдоп жатканыбызды үммөткө туура, калыс түшүндүрөлү! Аллахтан коркуп, Ага таква кылалы!
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…