Путин Япониянын премьер-министрин рубль менен алака жүргүзүүгө чакырды
Россия президенти Владимир Путин Япониянын премьер-министрин эки өлкө ортосундагы соода алакасында орус рубли менен алака жүргүзүүгө чакырды. Кабарда келишинче, Путиндин бул планы АКШ валютасынын глобалдык өкүмдарлыгын чектөөгө каратылган.
Путиндин бул сунушу Петербургдагы экономикалык форумдун алкагында “Россия-Япония” деген аталышта болуп өткөн, эки өлкө ортосундагы экономикалык жана соода алакалар талкууланган жыйында айтылды. Жыйынга Россия президенти менен бирге Япония премьер-министри Синдзо Абэ да катышкан эле.
Рублдин йена (Япония акча бирдиги) жана евро сыяктуу башка валюталарга айландыруу үчүн механизм түзүүнү көздөгөн Путин: “Рубль валюта конвертациясын кабыл ала турган валюта. Ошондуктан рубль менен мамиле жүргүзүүнү сунуштадык”, – деди.
Айта кетүүчү нерсе, өткөн жылы Россия менен Япония ортосундагы сооданын көлөмү 18,2 миллиард долларды түзгөн эле. Анын 10,5 миллиард доллары Россиянын Японияга экспортун, калган 7,7 миллиард доллары Япониядан алып келинген импортту түзөт.
Туркистон:
Россиянын “Запастык фонду” дээрлик түгөнүп калды. Мындан тышкары, аны Батыш мамлекеттери – дүйнөлүк системанын эл аралык саясат кубатынан пайдаланып – саясий жана экономикалык санкциялар аркылуу алдан тайдырып барууда. Путин ушул эле форумда “Батыш дүйнөсү кызыл сызыкты басып өтүшү мүмкүн эмес” деди. Ал кандай кызыл сызык болду?
Эмнеси болгондо да Россия азырынча эл аралык вето укугуна ээ мамлекеттер катарында. Путин Батыш кызыл сызыкты басып өтсө, анда эл аралык укуктук номаларды жана мыйзамдарды бузуп жиберем демекчи болдубу! Себеби анын Японияга болгон сунушу дүйнөлүк финансылык системанын принциптерине тескери жүрүш болду. Бул болгону саясий билдирүү гана болду. Себеби, азыркы дүйнөлүк финансылык системаны Россия рубль менен өзгөртө албайт. Муну ал тургай Европа Союзу евро валютасы менен да ишке ашыра албады. Петербургдагы форум Россия экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн платформа имиш! Бул нерсе, колония мамлекеттин саясий чөйрөсүнө таандык пикир эмеспи?
Демек, Россия экономикалык кризистен чыгуу үчүн мамлекетти чет элдик инвесторлорго ачып бермекчи. Бул саясий жактан өтө чоң ката болсо да, бирок, Путиндин мындан башка чарасы калбады.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…