Путин Макронго: Эч нерседен коркпогула, биз силерге жардам беребиз
Россия Президенти Владимир Путин Петербург экономикалык форумунда уюштурулган жыйында Москва Европаны коргоого даяр экендигин билдирди. Путиндин айтымында, Россия бүт дүйнөдө жаңы коркунучтар пайда болушунун алдын алуу үчүн болгон күчүн жумшайт. О.э. ал француз кесиптеши Эммануэл Макрондун сөздөрүнө жооп иретинде, Европада коопсуздукту камсыздоого о.э. бул жаатта Европага Вашингтонго көз карандылыктан кутулуу үчүн жардам берүүгө убада берди.
“Эммануэл, Европа жана АКШ ортосунда эки тараптуу милдеттенмелер бар экендигин жана коопсуздук тармагында Европа АКШга көз каранды экендигин айтты. Бул жаатта эч нерседен коркпогула, биз силерге жардам беребиз. Коопсуздукту биз камсыздайбыз. Эч кандай жаңы коркунучтар пайда болбосун үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз”, – деди Путин.
Россия президенти бул сөздөрдү Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Кытай премьер-министринин орун басары Хань Чжэн жана Эл аралык валюта фондунун директору Кристин Лагард катышкан жыйында, “Европа өзүнүн коопсуздугу жаатында АКШга таянат” деген француз кесиптешине кайрылып айткан.
Дагы бир айта кетүүчү нерсе, АКШ кошуундары Европанын түрдүү мамлекеттеринде жайгашкан болуп, алардын көпчүлүк бөлүгү Германияга туура келет. Серепчилер муну Вашингтон тарабынан Европа өлкөлөрүнө басым өткөрүүчү фактор катары баалашат. АКШ “орус коркунучуна” каршы күрөшүү шылтоосу менен Европа Союзунда аскерий жактан кеңейип, ал жердеги турумун бекемдөө үчүн аскерий курулуштарды көбүрөөк орнотууга аракет кылып келет.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…