Британия коргоо министри: Биз Талибан менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүбүз керек

Британия коргоо министри: Биз Талибан менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүбүз керек

Британия коргоо министри Гэвин Уильямсон “Афганистанда тынчтык орнотуу үчүн Британия өкмөтү Талибан менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү зарыл” деген билдирүү берди. Министр бул билдирүүсүн Афганистанда АКШ башчылыгындагы коалициялык күчтөрдүн саны көбөйтүлгөндөн кийин жарыя кылды.

“Афганистанда тынчтык орнотуу үчүн Британия Талибан менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү керек”, – деди Афганистанда узак мөөнөттүү чечим табуу маанилүү экендигин баса белгилеген  Уильямсон

Британияда чыгуучу «Дейли телеграф» гезити кабарлагандай, Уильямсон өз билдирүүсүндө Афганистанда туруктуулукту сактап калуу Улуу Британия үчүн маанилүү экендигине ишара кылган. Уильямсондун айтымында, Афганистанда ушул жылдын аягында болуучу шайлоонун тынч өтүшүнө Британия да жоопкер.

Талибан кыймылы Британия калкына жолдогон билдирүүдө, аларга өз балдарын Афганистандагы согушка жөнөтпөстүктү жана коргоосуз афган калкынын канын төгүүгө уруксат бербестикти насаат кылган эле. Талибан кыймылы аталган билдирүүсүндө, англис калкына “өз балдарыңардын сөөктөрү же тирүү болсо да рухий оорулуу абалда Англияга кайтып келишине тоскоолдук кылгыла” деген маанидеги кайрылуу жолдогон.

Акыркы кабарларга ылайык, Талибан кыймылынын  маалымат бөлүмү Газни провинциясынын эки району “Хандак” опреациясы  аркылуу Талибан кыймылынын көзөмөлүнө өткөндүгүн кабарлады. Талибан кыймылы АКШ жана коалициялык күчтөргө караштуу аскерий авиа базаны ээлеп алгандыгы да айтылууда. Афганистан коргоо министринин маалымат катчысы, Талибан кыймылынын колуна өткөн авиа базаны кайтарып алуу үчүн жакында аскерий операция баштала тургандыгын билдирди.

Талибан кыймылы кабарлагандай, Чахор Сада районунан караштуу Багх Малми, Ашлан жана Такман айылдарындагы 400дөн ашуун үй-бүлө Талибан кыймылын колдой тургандыгын билдиришкен.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

23 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago