АКШ Иран боюнча ядролук келишимден чыкты

АКШ Иран боюнча ядролук келишимден чыкты

  АКШ Ирандын ядролук программасы боюнча “Кеңири биргелешкен иш-аракет планы”  (JCPOA) деген келишимден чыгат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп 8-майда Вашингтондо жарыялады.

 “Келишим Иранга ядролук программасын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн берди. Келишимдин негизи куру кыялдардан турат эле. Бизде Ирандын убадалары жалган экендигин далилдөөчү фактылар бар. Бул тынчтык алып келбеген  бир тараптуу чечим эле. Бул келишим эч качан тынчтык алып келбейт. Эгерде мен келишимде калууга шарт түзүп берсем, анда бүтүндөй Жакынкы Чыгышта ядролук куралга ээ болуу атаандаштыгы башталып кетет. Мен АКШнын ядролук келишимден чыгышын жарыя кылам”, – деди Трамп.

 АКШ президентинин айтымында, Иран расмийлери аталган келишимдин талаптарын кайрадан карап чыгуудан баш тартышкан. О.э. эгерде расмий Тегеран пикиринен кайтса, анда диалогго даяр экендигин, жаңы талаптар негизинде кайрадан келишим түзүүгө ыраазы экендигин билдирди.

 Трамптын билдиришинче, ал Иранга каршы санкцияларды кайрадан киргизген буйрукка тез арада кол коёт.

 Ал Иранды терроризмге демөөрчү, “Хизбулла”, “Хамас”, “Талибан” жана “Ал Каида”ны колдоп-кубаттоочу о.э. өз жарандарын кыйноого салуучу мамлекет деп атады. Ошону менен бир катарда, “Авторитардык режим ээлеп алган ” Ирандын жарандарын колдой тургандыгын билдирди.

 Аталган келишимге кол койгон Европа мамлекеттери менен Россия (JCPOA) келишими Иранды тыйып туруу үчүн бирден-бир мүмкүнчүлүк экендигин билдиришкен.

turkistonkg

Recent Posts

Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат

Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар, өзгөчө Трамптын кескин саясий чечимдери…

15 hours ago

Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?!

Басма сөз баянаты Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?! Аллах Таала Рамазан…

21 hours ago

Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили

Басма сөз баянаты Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили…

21 hours ago

Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы

Басма сөз баянаты Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы Яхудийлердин жетекчилери менен кылмышкерлердин согушту, кыргынды…

21 hours ago

Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген чет элдик насыялар менен гана баалайт

Басма сөз баянаты Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген…

21 hours ago

«Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?!

Басма сөз баянаты «Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?! Кечээ, Рамазан айынын…

1 day ago