Мураскер ханзада Мухаммад ибн Салмандын Британияга, Америкага жана Францияга жасаган расмий сапарлары

Мураскер ханзада Мухаммад ибн Салмандын Британияга, Америкага жана Францияга жасаган расмий сапарлары

Суроо: Саудия мураскер ханзадасы Мухаммад ибн Салман 2018-жылдын 9-10-апрель күндөрү Францияга сапар жасады. Мындан мурун 10-мартка чейин үч күндүк сапары менен Британияда болду. Андан кийин Америкага сапар жасап, ал жакта 20-марттан 8-апрелге чейин болду. Мухаммад ибн Салман бул сапарларда өлкө башчылары менен жолугушту, мындан улам суроо туулат: бул сапарлардын артында эмне турат? Жолугушууларда ар кандай маселелер каралды, андыктан сапарларда жалпы маселе  кандай? Ушул жагдайларды ачыктап бериңиз, Аллах сизге жакшлыгын берсин!

Жооп: бул сапарлардын ичинен Америкага болгон сапарга маани берүү керек. Анткени, Британияга болгон сапар – бул анын көңүлүн алуу сапары болду, себеби Мухаммад ибн Салман өзүнүн аракети менен Сауд Арабиядагы Британия малайларынын кызыкчылыгына зыян келтирген. Ал эми, Францияга болгон сапар – бул жөн гана өзүн көрсөтүү сапары болуп, ал үч держава мамлекетте: Америкада, Британияда жана Францияда болду деп көрсөтүү үчүн жасалды.

  1. Британияга болгон сапар:

Мухаммад ибн Салмандын Британияга болгон сапары үч күнгө созулду: 7-10-март. Бул сапардын максаты Британиянын көңүлү алуу болду. Себеби, Мухаммад ибн Салман англистер Сауддар үй-бүлөсүнүн ичинде терең тамыр жайганын түшүнүп турат, ошондуктан ангистер ага тоскоолдуктарды жарата алышат. Мындан улам, Мухаммад ибн Салман бул сапарда кандайдыр бир жарашуу чүйрөсүн жаратууга умтулду, күтүлгөндөй экономикалык келишимдер түзүлдү, алардын кирешелери эки тарап үчүн анчейин деле үлкөн эмес.

Муну корутунду билдирүүлөр тастыктап турат, аларга таянып бул сапар катардагы сапарлардан айырмаланбаганын, адаттагы келишимдер жана ортоктош билдирүүлөр менен чектелгенин айтууга болот. Бул сапардагы жалгыз өзгөчөлүк – бул кээ бир экономикалык азгыруулар.

Корутунду расмий билдирүүдө ушулар жарыяланды:

а) Жалпы адаттагы жайгайлар:

  • Бириккен Королдук «САК Элес-2030» долбоорун о.э. Сауд Арабия Королдугунун экономикасын диверсификация кылууга багытталган экономикалык жана социалдык реформаларды колдорун тастыктады. 7-мартта стратегиялык өнөктөштүк боюнча жыл сайын өтчү Саудия-Британия кеңешинин биринчи жыйыны өткөрүлдү. Жыйында Саудия мураскер ханзадасы Мухаммад ибн Салман менен Британия премьер-министри Тереза Мэй бирге төрагалык кылышты. Бул кеңеш эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана талкуулоо үчүн негизги механизм болушу керек. Саудия Бириккен Королдуктун билим берүү тармактарындагы: балдар бакчасынан тартып, башталгыч, орто жана жогорку билим берүү жаатындагы илимин жана тажрыйбасын жогору баалайт. О.э. Саудия Бириккен Королдуктагы кесиптик-техникалык даярдык алдыңкы тажрыйбага ээ экенин баса белгилейт. Саудия Бритнаниянын саламаттыкты сактоо тармагындагы тажрыйбасынан да жакшы кабардар. Британия Саудиядагы экономикалык реформалар планынын бир бөлүгү катары «Saudi Aramco» компаниясынын интеграциясы маанилүү экенин баса белгилейт. Саудия Лондон ири глобалдуу финансылык борбор экенин ырастады. Лондон фондулук биржасы менен Саудия фондулук биржасы (Tadawul) фондулук базарларды өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн кадрларды даярдоо жана потенциалды күчөтүү программасы жөнүндө келишим кабыл алууга макулдашышты. О.э. Саудия менен Британия коргонуу жана коопсуздук тармагындагы мамилелер о.э. бул эки тармактын жалпы улуттук коопсуздукка жана регионалдык туруктуулукка жетүүдөгү ролу маанилүү экенин баса белгилешти. Эки өлкө маалымат алмашуу о.э. террористтер жана экстермисттер алсыз тайпаларга кантип таасир кылып жатканын түшүнүү аркылуу терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүсүн билдиришти. Эки мамлекеттин өкмөттөрү кызматташтык жана өнөктөштүк тармагындагы мамилелерди өнүктүрүү жөнүндө бир катар меморандумдарга кол коюшту. Ушул жаатта 48 даана «Eurofighter Typhoon» учактарын сатып алуу келишимине кол коюлду. Эки өлкө Иран региондо жакшы кошуначылык принцибин кармашы о.э. башка өлкөлөрдүн ички иштерине аралашпашы зарыл экенин баса белгилешти.

б) Маселени деталдуу чечпеген жалпы көрүнүштө, ачык-айкын көрсөтүлбөгөн кээ бир саясий жана коопсуздук жаатындагы маселелер жарыяланды:

  • Эки өлкө төмөндөгү негизде Ямандагы кризистин саясий чечимине жетүү зарылдыгын баса белгилешти:

– Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташуу кеңешинин демилгелери;

– Чечимди жүзөгө чыгаруу механизмдери;

– БУУнун Коопсуздук Кеңешинин №2216 резолюциясы.

Бул Ямандын аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыздайт. О.э. эки өлкө жакында дайындалган БУУнун атайын өкүлү британиялык Мартин Гриффитти колдорун билдиришти. Эки өлкө гуманитардык жардам көрсөтүү тоскоолдуксуз аткарылышы үчүн дүйнөлүк коомчулук хусийлерге басым өткөрүүсү керектигин макулдашышты. Бириккен Королдук Саудия араб коалициясынын аскерий кампаниясында эл аралык гуманитардык укукту сактап жатканын колдоп-кубаттайт. Эки өлкө араб тынчтык демилгесине жана БУУ резолюцияларына негизделген «Эки калкка эки мамлекет» чечимин колдорун ырасташты.

в) Британиянын көңүлүн алууга багытталган экономикалык маселелер:

  • Сауд Арабия жана Британия «Элес-2030» концепцияларын жүзөгө чыгарууда узак мөөнөттүү өнөктөштүк боюнча милдеттенмелерди алышты. Бул концепция көптөгөн тармактарды өз ичине камтыйт:

– Саудиянын көз карандысыз фонду (Public Investment Fund) Британиядагы өз ара инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү баалайт;

– эки тараптуу соода.

Он жыл ичинде бул мүмкүнчүлүктөрдүн жалпы көлөмү 100 млрд. долларды түзөрү күтүлүүдө. Саудиянын көз карандысыз фонду 30 млрд. доллар көлөмүндөгү тикелей инвестицияларга багыт алган.

  • Эки мамлекет сапар учурунда келишилген жана көлөмү 2 млрд. доллардан ашары күтүлгөн үлкөн сандагы ири ишкер келишимдерди колдоп-кубатташты. Бул келишимдер эки өлкөдө жумуш орундарын жаратып, Саудия менен Британиянын кызматташуусун өнүктүрөт.

Булардан ачык-айкын көрүнүп тргандай, Мухаммад ибн Салман көңүл алууга жана тынчтандырууга багытталган максатынын чегинен чыккан жок. Бул сапарда жалпы сөздөр гана айтылды, кирешеси анчейин деле көп болбогон айрым бир экономикалык убадаларды эсепке албаганда, эч бир ачык-айкындуулук жок.

  1. АКШга болгон сапар:

Ким Мухаммад ибн Салмандын Америкадагы сапарын күзөткөн болсо, Америка Мухаммад ибн Салмандан итааткөй кулду көрсөтүп жатканын байкайт. Ал аны кемсинтип жатса, ал жылмайып, ал андан акча өндүрүп жатса, ал берип жатат. Муну ачыктап өтөбүз:

  • 2015-жылы 23-январда Абдуллах ибн Абдулазиз өлгөндөн кийин бийликке анын иниси Салман ибн Абдулазиз келди. Ал бийликке келери менен өзүнүн, өзүнөн кийин келе турган адамдын бийлигин бекемдөө аракетин күчөттү. Ушуга байланыштуу Салман ибн Абдулазиз так мурасынын тартибин өзгөртүп, англисчил эсептелген Мукрина ибн Абдулазизди мураскер ханзада макамынан ажыратты. Так мурасында экинчи адам болуп Мухаммад ибн Салман дайындалды. Салман ибн Абдулазиз анын баласы өз бийлгин бекемдеп алышы үчүн ага көптөгөн укуктарды берди. Мухаммад ибн Салман Америкага жан тартарын ачык көрсөтүп, Сауддар үй-бүлөсүндөгү өзүнүн атаандаштарын жана англисчил адамдарды кызматынан алды жана обочолонтту. Андан кийин Мухаммад ибн Салманды баалоо үчүн америкалыктарга керек болгон экинчи кадам ташталып, Мухаммад ибн Салман менен таанышуу жана анын чынчылдыгын, берилгендигин аныктоо жүргүзүлдү. Дональд Трамптын инаугурациясынан кийин 2018-жылы 15-мартта Мухаммад ибн Салман Вашингтонго сапар жасады. Трамп Ак үйдө өзүнүн орун басары Майк Пенс жана улуттук коопсуздук боюнча президенттин кеңешчиси Герберт Макмастердин катышуусунда Мухаммад ибн Салманды кабыл алды. Мындай көрүнүш конок чоң мааниге ээ экенин билдирет. Трамп бул аркылуу Мухаммад ибн Салманды колдорун көрсөттү. 2017-жылдын 4-ноябрындагы үчүнчү кадам Мухаммад ибн Салмандын бийлигин бекемдөөгө каратылды, бул үчүн:

– Британия жана башка мамлекеттердин малайларынын канаты кыркылды;

– аларды Мухаммад ибн Салмандын баш ийдиришти;

– кемсинтишти;

– коррупцияга каршы күрөшүү шылтоосу астында жүздөгөн ханзадалардын, министрлердин, чиновниктердин жана бизнесмендердин эсебин тоңдуруу аркылуу мүлктөр конфискацияланды;

– өзүнүн Америкага берилгендигин бекемдөө;

– өзүнүн Америка менен болгон мамилелерин бекемдөө;

– Сауд Арабия Королдугунун тактысына олтуруу үчүн акыркы кадамды даярдоо, муну америкалыктар жакында болорун күтүшүүдө.

Чет элдеги сапар учурунда Мухаммад ибн Салманды король катары кабыл алышты:

– Мисир, 4-март 2018-жыл;

– Британия, 7-апрель 2018-жыл;

– АКШ.

Трамп Мухаммад ибн Салмандын өзгөчө макамын баса белгиледи: «Ак үйгө болгон акыркы сапарыңыздан кийин таң калычтуу нерселер жүз берди: мурун сиз мураскер ханзада элеңиз, эми сиз мураскер ханзададан да чоңуураак адамсыз» («Sputnik Arabic», 21-март, 2018-ж.).

  • 2018-жылы 20-мартта Мухаммад ибн Салман Вашингтонго барары менен эле Дональд Трамп менен жолугушту, Трамп айтат: «Саудия мураскер ханзадасын тосуп алуу мен үчүн чоң сыймык. Биздин достугубуз бекем жана мамилелерибиз абдан жакын. Мен өткөн жылы Саудияга сапар жасаганымда сиз менен жолугушкам, ошондо королдук бизге 400 млрд. доллар берүүнү убадалаган. Бул мамилелер ири инвестициялар аркылуу бекемделет». Ал минтип кошумчалады: «Саудия – абдан бай өлкө, ал жумуш орундарын жаратуу көрүнүшүндө жана дүйнөдөгү мыкты аскерий техниканы сатып алуу аркылуу ушул байлыктын бир бөлүгүн АКШга берет деп үмүттөнөм». Мухаммад ибн Салман минтип жооп берди: «Эки өлкө ортосундагы достук негиздери бекем… Байланыштар коопсуздук жана экономиканы камтыйт. Биз эки өлкө ортосундагы инвестициялык пландар үстүндө иштеп жатабыз, алар 200 млрд. долларды түзөт; а түгүл бул көлөм 400 млрд. долларга чейин жетиши мүмкүн» («CNN», 20-март, 2018-ж.).

Америка Саудияны талап-тоноп жатат, аманатка кыянатык кылган жана Умматка саткындык кылган малай акимдер аркылуу өлкө байлыктарын талап-тоноп жатат. Трамп жана америкалыктар Сауддар үй-бүлөсү аркылуу мусулман байлактарын талап-тоноону гана ойлошот. Бул үй-бүлө ушул нерселерди ачык эле айтып жатышпайбы:

– кафирлер менен дос экенин;

– алар менен союздаш экенин;

– алардын Ортоңку Чыгыштагы таасирин коргошун жана бул жааттагы алардын чыгашаларын төлөшүн;

– алардын экономикасына акчалай жардам беришин.

3) Трамп камералар алдында Америка аскерий техникаларынын сүрөтүн көрсөтүп, Саудия АКШдан эмнелерди сатып алганын айтты. О.э. ал келишимдерди жана куралдардын түрлөрүн санап, алардын баасы миллиарддаган долларга жетерин айтты: «Бул сумма силерге – жөн гана күкүмдөр… Бул келишимдер (Америкада) жаңы жумуш орундарын жаратат, алардын саны 40 миңге жетиши күтүлүүдө» («Sputnik Arabic», 21-март, 2018-ж.). Трамп бул сүрөткө жип байлап, аны Мухаммад ибн Салмандын мойнуна илип коюшу гана калды, кудум ага минтип жаткандай:

– биздин колдообуз силердин акчаңардын көлөмүнө байланыштуу;

– Саудия жерлерин бизге ачып бер;

– биз сага буйруган бардык нерсени эч бир каршылыксыз жүзөгө чыгар.

Мындай кылык-жорук Мухаммад ибн Салман үчүн кемсинтүү болду, бирок ал муну жылмаюу менен кабыл алды, кудум келесоодой. Ал эми, Трамптын кылыгы анын акылсыздыгын жана сыйлабагандыгын көрсөтүүдө.

4) Мухаммад ибн Салман АКШга сапар жасаганда Мамдепартаменттин жана башка тармактардын көптөгөн адамдары менен жолугушту:

а) Ал АКШ коргоо министри Жеймс Мэттис, Штаб башчыларынын бирикме комитетинин төрагасы Жозеф Данфорд менен жолугушуу өткөрдү, Мухаммад ибн Салман алардын астында Америкага берилгендигин ырастады. Жолугушууда Мухаммад ибн Салман мындай деди: «Бул – эки мамлекет туш болгон биринчи чакырыктар эмес. Бүгүн региондо Иран режими тарабынан болобу, же террордук уюмдар тарабынан болобу, айырмасыз, биздин алдыбызда олуттуу чакырык турат» («alweeam.com.sa», 24-март, 2018-ж.). АКШ коргоо министри Жеймс Мэттис айтты: «О.э. биз эң кыска убакыт ичинде Ямандагы жарандык согуштун чечимин табуу үчүн аракетибизди күчөтүүбүз зарыл, бул маселеде биз силерди колдойбуз… Биз бул согушка чекит коюуга умтулуп жатабыз, жана бул – биздин максат. Биз Яман элине жакшы шарт жаратып, бул согушка чекит коёбуз о.э. жарым аралдагы өлкөлөрдүн коопсуздук маселесин чечебиз».

Яман меселеси – бул Америка түпкү максатына жете элек маселе. Саудия Америка максаттарын жүзөгө чыгаруудагы өзүнүн вазыйпасын аткарды, бирок оор абалга кирип калды, азыр Саудия андан чыга албай жатат. Яман маселесинин чечилиши жана Саудиянын бул согуштан аман чыгып алышы Мухаммад ибн Салмандын аброюн бекемдейт.

б) Мухаммад ибн Салман бир катар массалык маалымат каражаттары менен жолугушуп, Америкага бекем байланганын ырастаган бир катар билдирүүлөрдү берди:

  • 2018-жылы 31-мартта Мухаммад ибн Салман «Time» журналына мындай деди: «Америка күчтөрү эгер узак мөөнөткө калууну каалабай жатса, анда кеминде орто мөөнөткө калуусу зарыл деп эсептейбиз… Американын Сирияда турушу жана анын союздаштарынын жардамы – Ирандын региондогу таасирин ооздуктоонун жалгыз жолу. Америка күчтөрүнүн Сирияда турушу Вашингтонго бул өлкөнүн келечеги жөнүндөгү ой-пикирди калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет». Мухаммад ибн Салман: «Башар калат, бирок Башар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн ирандыктарга каалаганын кылышына жол бербеши керек деп ойлоймун», – деп кошумчалады. Трамп аны менен макул болуп, 2018-жылы 3-апрелде мындай деди: «Мен биздин күчтөрдү үйлөрүнө кайтарууну каалайм. Биздин калкыбызды калыбына келтирүүнү баштоону каалайм. Биздин негизги аракетибиз – ИШИМди жок кылуу, биз бул вазыйпаны дээрлик жүзөгө чыгарып бүттүк. Биз жакын арада чечим кабыл алабыз. Биз союздаштарыбыз менен кеңешип, Америка күчтөрүнүн Сирияда турушунун чыгашасын төлөөнү Саудияга сунуштайбыз. Саудия биздин чечимибизге абдан кызыкдар. Мен айттым: макул, биздин калуубузду кааласаңар, анда силер төлөшүңөр керек» («AFP», 3-март, 2018-ж.).

Мына ушинтип, Трамп региондогу Америка таасирин бекемдөөгө умтулуп жаткан Саудия режимине карата шантаж саясатын улантууда.

  • «The Atlantic» журналы: «Яхудийлер ата-бабаларынын жеринде өзүнүн улуттук мамлекетин курууга укуктуубу?», – деп суроо бергенде Мухаммад ибн Салман минтип жооп берди: «Негизи, ар бир калк ар кандай жерде тынч мамлекетте жашоого укуктуу деп ойлоймун. Палестиналыктар жана «израилдиктер» өзүлөрүнүн жерине ээ болууга укуктуу» («alweeam.com.sa», 3-апрель, 2018-ж.).

Мухаммад ибн Салман Мубарак Палестинага карата саткындыгын жашырган жок!

  • Көңүл ачуу тармагы үчүн үлкөн каражатты камтыган фонд түзүлдү. Көңүл ачуу тармагын өнүктүрүү фондунун башчысы Ахмад ибн Акил ал-Хатиб «фонд он жыл ичинде көңүл ачуу тармагына 240 млрд. риал (64 млрд. доллар) жаткырат» деп жарыялады. О.э. ал королдук түптөлгөндөн бери биринчи опера театры курула баштаганын айтты («alarabiya.net», 22-февраль, 2018-ж.).
  • Мухаммад ибн Салман Вашингтонго жасаган сапарынын акыркы күнүндө «The Washington Post» гезити менен жолугушуп, ушул маселелер жөнүндө маек курду:

– Ямандагы согуш;

– Ортоңку Чыгыштагы тынчтык жараяны;

– Иран;

– өлкө ичиндеги реформалар;

– адам укуктары;

– пландар;

– Саудиянын өзөктүк курал жөнүндөгү үмүтү.

 Мухаммад ибн Салман анын Америкадагы негизги вазыйпасы – америкалык инвесторлордун колдоосуна о.э. Саудиядагы реформалар үчүн технологиялык жана билим берүү жаатында колдоого жетишүү экенин билдирди. Ал аялдардын укугун сактоого байланыштуу аракеттер жөнүндө айтты. Мунун баары Мухаммад ибн Салман алдында Ортоңку Чыгыш регионунун бардык пландары ачылганын, ал бардык жараяндарга катышып жатканын, ал тургай, ал Америка пландарын жүзөгө чыгаруунун бардык ыкмаларын билерин, Яман маселесин кошпогондо, америкалыктарды жалтактап колдоп жатканын көрсөтүп турат. Яманда Трамптын Ортоңку Чыгышка карата өзүнүн пландары бар жана Палестина маселесине карата өзүнүн саясий чечими бар. Бул нерсе Трамп жакынкы айларда өзүнүн пландары жөнүндө айтарын жарыялагандан кийин ачык-айкын болуп калды. Бул сыяктуу билдирүүлөр 2018-жылы 6-декабрда Куддус «Израилдин» борбору деп жарыялангандан кийин айтылды. Мухаммад ибн Салман «Израилди» эмес, Иранды душман санап Иран маселесин көтөрдү. Түпкүлүгүндө Саудия «Израиль» менен келишим түзүүгө даярданууда. Саудиянын ички саясаты өлкөнү илманийлештирүүнү, Батыш маданиятын жана баалуулуктарын жаюуну көздөгөн Америка каалоосуна ылайык алып барылууда. О.э. Саудия өкмөтү америкалык инвесторлорго өлкөнүн экономикасын толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк беришүүдө.

  • 2018-жылы 29-мартта «arabi21.com» сайты «Independent» гезитине шилтеме жасап, гезит мураскер ханзада Мухаммад ибн Салман ири компаниялардын башчылары, саясатчылар, мунайчылар, технология, көңүл ачуу жана искусство тармагынын адистери менен жолугушканда анын программасы менен таанышканын кабарлады.

Мындан ачык-айкын көрүнүп тургандай, Мухаммад ибн Салмандын бардык жолугушуулары Америка коомдук пикири менен байланыш орнотууга багытталган. Ал «CBS» студиясында «60 мүнөт» көрсөтүүсүндө интервью берди. Баса белгилөө зарыл, бул акыркы он жылдыкта Саудия лидерлеринен алынган биринчи интервью. Бул интервьюда Мухаммад ибн Салман өзүн Саудияда зарыл болгон өзгөрүүлөрдү жасап жаткан кайраттуу, жаш реформатор катары көрсөттү. Бул реформалар диний полициянын ыйгарым укуктарын чектөөнү, аялдарга унаа башкарууга уруксат берүүнү камтыйт… О.э. «Independent» гезити 2018-жылы 27-мартта Мухаммад ибн Салман мурунку мамлекеттик ишмерлер: Генри Киссинжер, Билл Клинтон, Хиллари Клинтон жана башкалар менен жолугушканын маалымдады. О.э. мурунку президент Барак Обама, мурунку мамкатчы Жон Керри жана БРБнун (ЦРУ) мурунку башчысы Дэвид Петреус менен жолугушуу өткөрүлгөнү жарыяланды.

  • Кошоматчылык. Мухаммад ибн Салман АКШдан Францияга сапар тартарда, Америкага бүтүндөй берилгендигин көрсөткөн кайрылуусун айтты: «Улуу даражалуу президент Дональд Трамп, АКШ президенти, сизге жакшылык каалайм! Мен жакшы маанайда достук мамиледеги өлкөңүздөн чыгып бара жатам, улуу даражалуу, жылуу тосуп алганыңызга жана меймандостугуңузга чоң ыраазычылыгымды билдиремин. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөлөрүбүз ортосундагы тарыхий жана стратегиялык мамилелерибизге чоң маани беремин. Сапар учурунда болуп өткөн сүйлөшүүлөр бул мамилелерди тереңдетүүгө, ортобуздагы кызматташууну бекемдөөгө жана күчөтүүгө салым кошот деп баса белгилеп өтпөсөм болбойт. Улуу жаражалуу, сизге ден соолук, бакыт тилеймин, ал эми, АКШнын дос элине өнүгүү жана өркүндөө каалаймын!».

Бул сапар жөнүндөгү сөздү жыйынтыктап ушуну айтамын, ким Мухаммад ибн Салмандын Америкадагы сапарын күзөткөн болсо, Америка Мухаммад ибн Салмандан итааткөй кулду көрсөтүп жатканын байкайт. Ал аны кемсинтип жатса, ал жылмайып, ал андан акча өндүрүп жатса, ал берип жатат.

  1. Франция болгон сапар:
    • Францияга болгон сапар – бул жөн гана өзүн көрсөтүү сапары болуп, Мухаммад ибн Салман үч держава мамлекетте: Америкада, Британияда жана Францияда болду деп көрсөтүү үчүн жасалды. Бул сапар чоң мааниге ээ болбогондуктан адатта эл аралык сапарларда камтылган дипломатиялык иш-чаралар болгон жок. Мисалы, Франция премьер-министри канцеляриясынын кызматкери Саудия мураскер ханзадасы дүйшөмбү күнгө белгиленген жаңы техногиялык компаниялардын чоң комплексине катышууну бекер кылганын билдирди. Бул технология тармагында Франция-Саудия мамилелеринин бекемдигин баса белгилөөгө багытталган болчу. Парижде чыкчу «La Tribune» гезити маалымдашынча, Эмманюэль Макрондун кыжырынан улам Мухаммад ибн Салмандын «Station F» стартап хабына жасай турган сапары бекер кылынышы мүмкүн. Себеби, өткөн аптада Мухаммад ибн Салман АКШнын Силикон өрөөнүндө технологиялык ири компанияларга барган, андан кийин Мухаммад ибн Салман стартап хабга баруу үчүн шарттарды койгон, бул нерсе Макронду аябай ачуулантты. 2018-жылы 9-апрелде «Arabworld» сайты ушуларды маалымдады: «Парижде чыкчу «La Tribune» гезити жарыялашынча, Мухаммад ибн Салман королдук менен коммерциялык келишимдерди түзүү үчүн француз компанияларына шарт койгону Франция президенти Эмманюэль Макронду кыжырдантты. Гезит маалымдашынча «Мухаммад ибн Салман Макронго француз компаниялары америкалык компаниялар сыяктуу королдук менен келишим түзүүдө жеңип чыгышы мүмкүндүгүн, бирок бул үчүн Франция Иран менен соода алакаларын токтотушу шарт экенин түшүндүрдү». Дал ушул нерсе Макрондун кыжырын келтирди».
    • Натыйжада стратегиялык кызматташтык деп жарыяланган нерсеге кол коюлбай, 2018-жылдын аягына чейин калтырылды. Эл аралык саясаттагы өзгөрүүлөр өтө бат болору белгилүү, ошондуктан келишим түзүү жөнүндөгү убадалар көп учурларда аткарылбайт, өзгөчө, эгер узакка созулуулар болсо. Франция президентине жакын булактар журналисттерге маалымдашынча, Макрон менен Мухаммад ибн Салман «ушул жылдын аягында даяр боло турган стратегиялык документти даярдоо үстүндө иш алып барышат. Бул документ келишимдерди түзүүгө алып келиши керек, бул үчүн Макрон жылдын аягында Сауд Арабияга сапар жасайт» («albayan.ae», 10-апрель, 2018-ж.). «Президент жана мураскер ханзада стратегиялык документ үстүндө иштешет, документ ушул жылдын аягында даяр болот. Андан кийин келишимдер түзүлөт: бул үчүн Макрон ушул жылдын аягына чейин Сауд Арабиягы сапар жасайт» («alarabiya.net», 9-апрель, 2018-ж.). «France 24» телеканалы дал ушундай кабар таратты.
    • Бул кабарлардан бөлөк, Франция президенти бул жөнүндө үмүт билдирип, натыйжалуу келишимдер түзүлүшү үчүн протоколдор жөнүндө сүйлөшүүлөр жана талкуулар өткөрүү зарыл экенин айтты:

Франция президенти мындай билдирүү берди: «Жаңы кызматташтык учурдагы келишимдерден көрө – өзгөчө санариптик технологиялар жана энергиянын жаңыланма булактары тармагында – келечектеги инвестицияларга чоң көңүл бөлөт деп үмүттөнөбүз» («AFP», 5-апрель, 2018-ж.). «Мухаммад ибн Салмандын сапары бир нече тармакта 12 чакты протоколдук келишимдерге кол коюу менен аяктары күтүлүүдө. Париж Саудиянын түндүк-батышында жайгашкан Мадаин-Салих комплексин тейлөөдө, саламаттык, энергетика, тарснпорт жана башка тармактарда Эр-Риядга жардам берет. Мадаин-Салих комплекси ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген» («AFP», 8-апрель, 2018-ж.).

  • Сапар учурунда маанилүү экономикалык келишимдер түзүлгөн жок, сапар эки күнгө гана созулду, бул жагдай Елисей сарайындагыларды оңтойсуз абалга салды. «Елисей сарайы мураскер ханзада АКШда үч аптада болуп, ал эми Францияда кыска убакыт гана болгонуна жооп берип, Франция Саудия мураскер ханзадасынын биринчи чет элдик сапарларынын катарына киргенин алкыштоо менен чектелди» («France 24»/«AFP», 8-апрель, 2018-ж.).
  • Бул сапарды актоо мүмкүн эмес, себеби бул сапарда Мухаммад ибн Салмандын нафсине ылайык келген келишимдер түзүлдү. Мусулмандардын эки ыйык мечити жайгашкан жерде улуттук оркестр жана опера театрын түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Франция маданият министри Франсуаз Ниссен оркестр жана опера театрын түзүүдө Париж Эр-Риядга жардам берерин билдирди. О.э. ал маданият жана маалымат министри Аввад Алаввад менен кеишимге кол койгондон кийин минтип кошумчалады: «Бүгүн Сауд Арабия өзүнүн опера теартын түзүүгө жардам берүү жөнүндө Париждин опера театры менен келишим түзүлдү». 2018-жылы 9-апрелде «Arabworld» сайты «© REUTERS/ POOL» агенттигинен цитата келтирип ушуларды маалымдады: «Бул келишимге кол коюлардан мурун Мухаммад ибн Салман жекшемби күнү Пасханын бүтүшүнө багышталган музыка концертинде болду: «Мураскер ханзада Мухаммад ибн Салман классикалык авторлордун: Клод Дебюсстун, Роберт Шумандын, Феликс Мендельсондун музыкасынан ырахат алуу үчүн жекшемби күнү (8-апрель, 2018-ж.) АКШдан келип Пасханын бүтүшүнө багышталган концертке катышты. Коцерт Марселден алыс эмес жайгашкан Экс-ан-Прованс шаарында өттү» («AFP», 8-апрель, 2018-ж.).
  • Мына ушинтип, сапардын максаты келишимдер эмес, опера театры болгон, Аллахым андан сактасын! Бул нерсе дүйшөмбү күнү кечкурун (10-апрель, 2018-ж.) жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында ачык-айкын көрүнүп турду. Басма сөз жыйынында протокол жана келишимдерди түзүүдө опера театрын түзүү жөнүндөгү келишимдегидей толук түшүнүү болгон жок деп баса белгиленди! 2018-жылы 11-апрелде «aljazeera.net» сайты ушуларды жарыялады: «Саудия мураскер ханзадасы Мухаммад ибн Салман Франция менен Саудия компаниялары ортосунда көлөмү 18 млрд. доллардан ашкан 19 протоколго кол коюу менен Францияга болгон сапарын аяктады. Келишимдер мунай-химия, суу тазалоо сыяктуу өнөр жай тармагын, туризм, саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана башка тармактарды камтыйт. Келишимдердин арасында маанилүүсү – «Saudi Aramco» компаниясы француз компаниялары менен 12 млрд. доллардан ашкан келишимге кол койгонун жарыялаганы болду. Ал компаниялардын катарына Ал-Жубайлдагы мунай-химия тилкесин биргелешип иштетүүнү көздөгөн «Total», «Technip», «Suez» комапиялары бар. Француз тобу дүйнөдө эң ири мунайды кайра иштетүүчү заводдорго ээ». 2018-жылы 11-апрелде «AFP» мындай кабар таратты: «Саудия мураскер ханзадасы Мухаммад ибн Салман Франция менен Саудия компаниялары ортосунда көлөмү 18 млрд. доллардан ашкан 19 протоколго кол коюу менен Францияга болгон сапарын аяктады. Келишимдер мунай-химия, суу тазалоо сыяктуу өнөр жай тармагын, туризм, саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана башка тармактарды камтыйт. Бул эки өлкөнүн жумуш берүүчүлөрүнүн өкүлдөрү катышкан Франция-Саудия бизнес-форумунун билдирүүсүндө ачыкталган». Басма сөз жыйынында Макрон менен Мухаммад ибн Салман Иран, өзөктүк келишим, Сирия, Яман жана башка маселелер жөнүндө сүйлөштү, бул маселелер боюнча конкреттүү чечимдерди айтышкан жок.
  1. Корутунду:

Мухаммад ибн Салмандын башкы сапары – АКШ болду. Англияга болгон сапар – бул анын көңүлүн алуу сапары болду, себеби Мухаммад ибн Салман өзүнүн аракети менен Сауд Арабиядагы Британия малайларынын кызыкчылыгына зыян келтирген. Ал эми, Францияга болгон сапар – бул жөн гана өзүн көрсөтүү сапары болуп, ал үч держава мамлекетте: Америкада, Британияда жана Францияда болду деп көрсөтүү үчүн жасалды.

14-Ражаб, 1439-х.

11-апрель, 2018-ж.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago