Categories: Жаңылыктар

Исламий туткундардын жакындары Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбековго арыз менен кайрылышты

 Исламий туткундардын жакындары Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбековго арыз менен кайрылышты

Мурунку режим тарабынан ак жеринен айыпталып, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган исламий туткундардын энелери жана үй-бүлө мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбековго арыз менен кайрылышты. Алар социалдык тармактар аркылуу видео кайрылуу жолдоп, жакындарына жалаа жабылгандыгын жана алардын үстүнөн мыйзамсыз өкүм чыгарылгандыгын айтып чыгышты. Энелер көз жаш төгүп, мурунку бузуку, коррупцияга баткан режимдин кесепетинен багуучусунан айрылып, оор абалда калгандыгын айтышты. Алар президентке, “эгерде режим тарабынан саясатчыларга карата зулум кылынганы аныкталып, соттун өкүмү кайрадан карап чыгылып жаткан болсо, биздин балдарыбызга чыгарылган өкүмдөрдү да кайрадан карап чыгышыңарды сурайбыз” деп кайрылышууда!

Алар социалдык тармактарда: “Камакта жаткан адамдардын үй-бүлөсү багуучусуз калса, өкмөт аларга жоопкер болот. Эмне үчүн аларга атайын пособие төлөнбөйт”, “Президент муслима энелердин арызына көңүл бурат бекен?”,“Президент мырза, камакка алынган адамдардын үй-бүлөсү багуучусуз калышса, эмне кылышы керек?”….. деген маанидеги кайрылуулар менен акция башташты.

Кыргызстанда бийлик алмашып барууда. Бул жараян, алгачкы жолу тынч жол менен ишке ашуусу мүмкүн. Бийликтин тынч жол аркылуу алмашуусу менен козголоң аркылуу алмашуунун айырмасы төмөнкүдөй: Тополоң менен ишке ашкан бийлик алмашууда мурунку режимдин өкүлдөрү качып кетишет же дароо камакка алынышат. Ал эми тынч жол менен алмашууда болсо, жаңы бийлик өкүлдөрү мурункулардын бардык мыйзамсыз аракеттерин жана башка кылмыштарын ачыкка чыгарышат. Алардын каталарын оңдоо менен кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу жараяны ишке ашырылган болуп эсептелет. Эгерде ушул жараян толук ишке ашырылбаса, анда жаңы бийлик да мурункусу сыяктуу эле кыйроого жүздөнөт. Т.а. жаңы бийлик эски бийликтин аброюн мураска алып калган болот! Натыйжада, бийликтеги саясатчылар өзгөргөнү менен коррупциялык түзүлүш өзгөрбөй кала берет.

Ошондуктан, эски режимдин мусулмандарга карата эки тараптуу мамилесин кайталап болбойт. Мурунку режимде, орган кызматкерлери менен сот кызматкерлери исламий адамдарга жалааларды жаап жатышканда, алардын артында турган бийлик мазлум мусулмандардын арызына кайдыгер карап, залимдерди коргоду! Ошол себептен улам адамдарда, айрыкча мусулмандарда бийликке ишенбестик жана жек көрүү күчөп бара берди! Натыйжада, Атамбаевдин режими эң күчтүү кубаттан т.а. калк жана үммөттүн колдоосунан айрылды! Эгерде ал мына ушул калктын кубатынан айрылбаганда, саясий элита ага каршы баш көтөрүүгө батына албайт эле. Себеби, ар кандай диктатор жетекчи бир топко таянат. Жетекчи топ болсо, калктын раъйы жана каалоосу менен параллел жүрүүгө мажбур.

Ушул пикирлерге таянуу менен, бийликке келе жаткан жаңы саясатчыларга жана аларды бириктирүүчү кубат болуп турган президентке кайрылып айтарыбыз: “Мурункулардын жолу менен жүрбөгүлө! Ар кандай оппозициялык күчкө каршы күрөштө өзүңөр ойлоп тапкан мыйзамдуу механизмди бузуп, кош стандарттуу мамиле кылбагыла т.а. мусулмандарга карата жалаң гана  душмандык негизинде күрөшпөгүлө! Ар бир мусулман ушул мамлекеттин жараны болуп, салык төлөп, мойнундагы милдеттерди мыйзамдын күчү менен аткарууга мажбурланып жаткан соң. Демек, мусулмандардын мыйзамдуу акы-укуктарын да кепилдешиңер керек!”

Абдураззак.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago