Бишкекте “телефон террорчулары” неге активдешүүдө?
Бишкекте бир жуманын ичинде эле үч жолу бомба коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат тарады. УКМК “бомба коюлду” деген жалган маалымат тараткан жарандарды издөөгө киришти.
2017-жылдын аягында ошол кездеги Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев “бомба чуусунун” айынан кызматтан кеткен эле. УКМК ага 24-ноябрда “жаңы президент ант берген күнү президенттик кортеж өтчү жолго “бомба коюлду” деген жалган маалымат тараткан” деген айып таккан. Зилалиев болсо айыптоо негизсиз экендигин айтып жүрөт.
ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун билдиришинче, быйыл жыл башынан бери эле бомба тууралуу жалган маалымат таратуу боюнча беш факт катталган. Ал эми былтыр ошондой он көрүнүш болгон.
Атайын кызматтарда көп жыл иштеген генерал Артур Медетбеков: “Жарандар көп учурда кайдыгерлик кылат, кам санабайт. Ошол шектүү буюм жата берет, көп учурда “бирөөнүкү да” деп көңүл бурушпайт. Маселен, чет мамлекеттерде ошондой ээсиз шектүү баштык, буюм-тайым болсо дароо тиешелүү жактарга кабарлашат. Бизде болсо мындай нерселерге көңүл бурушпайт. Бул жерде коопсуздук боюнча сабаттуулукту күчөтүш керек. ЖОЖдордо, социалдык тармактарда ушундай эскерткен маалыматтар берилип турушу керек. Ошондой коомчулуктун эсинде болот эле”, – деди.
Туркистон:
Артур Медетбековдун сөздөрүнө көңүл буруңуз, ал адамдарды жасалма коркутуу аракетинен таасирленүүгө, ар бир адам башка адамга ишенбестик көзү менен карай турган өтө кооптуу абалга чакырууда! Бул нерсе “телефон террорчулары” көздөгөн максат эмеспи?
Алар ишке ашырып жаткан жалган маалымат таратуу операциясынан адамдардын арасында кооптонуу пайда кылууну, адамдар бири-биринен кооптонуп жашай турган абалга алып баруу менен өздөрүнүн кайндайдыр ыплас максаттарын жүзөгө чыгарууну көздөп жатышат. Мисалы: ушул А. Медетбеков сыяктуу адамдар Атамбаев режими менен биргеликте ишке ашырган кылмыштарына каршы өтө активдүү жүрүп жаткан аракеттерден коомчулукту чалгытууну көздөп жаткан болушу мүмкүн! Ыкмалары да эч өзгөрүүсүз, мурункудай болууда! Дагы коомчулукту исламий адамдарга зулум кылууга үндөө максатында жасалма коркунучтарды пайда кылуу ыкмасынан пайдаланмакчы болушууда! Эгерде коомчулук аларды колдой баштаса, жардыруу операцияларын ишке ашырышат!
Кыргызстанда тынч жол менен мамлекеттик төңкөрүш ишке ашып барууда. Бул жараян биз ойлогондой тынч өтпөшү да мүмкүн. Себеби, коррупцияга каршы аракеттер жүрүп жатат. Бул коррупцияга каршы аракеттер көпчүлүк күчтүү саясатчыларга барып такалат! Ал саясатчылар жаңы бийликтин арасында болуп, алардын таасири дагы деле күчүндө. Ошондуктан, алар өздөрүн сактап калуу максатында коомчулуктун пикирин жасалма исламий коркунучтар тарапка буруп жиберүүгө аракет кылышууда.
Учурда кырдаал өтө курч. Айрым саясатчылар жоопкерчиликтен кутулуп калуу үчүн ар кандай паскечтиктен кайра тартышпайт. Аларды “үчүнчү күч” деп атасак туура болот. “Үчүнчү күч” өкүлдөрү Атамбаевге ишенип, коорупциялык иштерге белчесинен батып калышкан. Буга чейинки тополоң аркылуу бийлик алмашкан учурларда документтер сакталган жерлер өрттөлүп, мурунку бийликтин адамдары качып кетүүгө үлгүрүп калар эле. Бул ирет алар үчүн күтүүсүз, жаңыча бийлик алмашуу болуп жатат. Ошондуктан, бийликке иттей кызмат кылган, аларга ишенүү менен чектен чыгып, мыйзамсыз иштерди кылган орган кызматкерлери өтө ыңгайсыз абалда калышты. Алар болгон мүмкүнчүлүгү менен кырдаалга таасир өткөрүүгө аракет кылышат.
Эми эски режимден калган орган жетекчилери кырдаалды өздөрү каалаган тарапка буруу үчүн Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү кайрадан күчөтмөкчү болушууда! Сак бололу! Бул жийиркеничтүү айбандар, бурчка такалып турушат! Алар буга чейин батына албаган жардыруу операциясын ишке ашырып жибериши мүмкүн! Себеби, Кыргызстанда жардыруу иши мусулмандарды материалдык жана шаръий кызыкчылыгына тескери! Демек, ал тургай согушкер мусулмандар да “үчүнчү күч” өкүлдөрү үчүн бул ыплас иштерди аткарып беришпейт! Ошондуктан, алар мамлекетте башаламандык пайда кылуу менен коррупцияга каршы мухитти башка тарапка буруп жиберүү үчүн ушундай ыплас иштерди кылышы мүмкүн.
“Силер айтып жаткан кооптуу мухит силердин бийлик талашуу күрөшүңөрдүн натыйжасында келип чыгышы мүмкүн экендигин билебиз! Бейкүнөө адамдардын өлүмүнө себеп болуучу кылмыштуу аракеттерден тыйылгыла! Биз мусулманбыз! Биз жардыруу иштерин кылбайбыз! О.э. бул ишти биздин атыбыздан ишке ашырууга жол бербейбиз!” – деген ураандар менен чыкпасак, алар ыплас иштерди кылуунун астында турушат! Эй мусулман боордоштор, сак бололу!!!
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…