Трамп: АКШ эми “дүйнөлүк полиция” болбойт
АКШ эми дүйнөлүк полиция болбойт жана буга өтө чоң каражат сарптабайт, – деп баса белгиледи президент Дональд Трамп. Бул тууралуу “РИА Новости” кабарлады.
Трамп Нигерия президенти Мухаммад Бухари менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында: “Биз дүйнөлүк полиция болууну азыраак каалап жатабыз. Биз дүйнөдөгү тартипти сактап туруу үчүн ондогон жылдар бою өтө чоң өлчөмдө каражат жумшадык. Биз өзүбүздө тартип орнотууну каалайбыз, биз өз мамлекетибизди тикелөөнү көздөп жатабыз”, – деди Трамп.
Мындан бир аз мурда, Трамп коргонуу тармагынын чыгымы 80 миллиард долларга көбөйгөн 1,3 триллион доллардык бюджетке кол койгон эле. Коргонууга бөлүнө турган каражат 700 миллиард долларды түзөт.
О.э. бюджетте “Россиянын таасирине каршы күрөшүү” үчүн 250 миллион доллар, ал эми Украинага аскерий жардам катары 200 миллион доллар да каралган.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…