Столтенберг: Биз Түркиядан ыраазыбыз

Столтенберг: Биз Түркиядан ыраазыбыз

Ирак жана Сириядагы аскерий операцияларында миллиондогон мусулмандарды өлтүргөн НАТО үчүн Түркия жана ал жердеги аскерий базалар стратегиялык жактан өтө маанилүү. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

НАТОнун баш катчысы Түркия НАТО үчүн өтө маанилүү мамлекет экендигин баса белгилеп, “муну түшүнүп жетүү үчүн картага көз чаптыруунун өзү жетиштүү” деди.

“Ирак жана Сирияда НАТОго мүчө мамлекеттер үчүн коркунуч болуп эсептелген зомбулуктар жүз берүүдө.Түркиянын маанилүүлүгүн түшүнүү үчүн анын ошол Ирак жана Сирияга кошуна болгон стратегиялык жайгашуусуна назар салуунун өзү жетиштүү”, – деди Столтенберг.

АКШ башчылыгында түзүлгөн коалицияга негизги шарттарды Түркия түзүп бергендигин баса белгилеген Столтенберг “биз Түркияга ыраазыбыз” деп Эрдоган өкмөтүнө ыраазылык билдирди.

Туркистон:

Буга чейин АКШ расмийлери да Түркия бийлигинин колдоосу болбогондо Сирияда ийгиликке жетише албастыгын бир нече жолу моюнга алган эле.

Чындыгында, Түркия Сирияда АКШнын долбоорлору ишке ашуусу үчүн эч ким түзө албаган шарттарды түзүп берди. ИШИМге каршы күрөштү шылтоолоп, Халабды (Алеппо) коргоп жаткан согушкерлерди “Ефрат калканы” операциясына тартуу менен Халабды коргоосуз калтырды. Натыйжада, Халаб оңой гана Асаддын колуна өтүп кетти. Эми болсо, “Зайтун бутагы” операциясы аркылуу Идлибди Асадга тапшырмакчы. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Москвада Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен жолугушкандан кийин, ушул кезге чейин “оппозиция” деп аталып келген топторду “террорчу топтор” деп атады.

“Идлиб аймагындагы террорчу (Жихадий) топтор аныкталышы керек. Биз досторубуз менен кызматташууга даярбыз. Террорго каршы биргеликте аракет кылышыбыз керек”, – деди Чавушоглу.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

5 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

7 days ago