Назарбаев: Орусия Кудай берген коңшубуз
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Орусия менен абдан жакын мамиле орнотконун айтып, бул алакаларды үлгүлүү, деп атады. Бул тууралуу РИА “Новости” кабар таркатты.
“Орусия – биздин тарыхый коңшубуз, айтышат-го, Кудай берген коңшу деп. Бизге чейин ушундай болгон, мына биздин доорубузда да ушундай жана биздин перзенттерибиз да коңшулукта, достукта жана бири-бирин түшүнүшүп жашашат. Биз абдан жакын мамилелерди орнотконбуз. Бул мамилени Орусия жана Казакстан ортосундагы мамлекеттер аралык алакалардын үлгүсү деп атоо мүмкүн. Биз бул принципке бекембиз жана ага амал кылуу зарыл. Эмнеге дегенде, ал Казакстандын түпкү кызыкчылыктарына абдан ылайык келет. Мен ойлойм, Орусияга да ушундай”,- деди Назарбаев Казакстан калкынын XXVI Ассамблеясынын ачылыш аземинде.
Ал Астана башка коңшу мамлекеттер менен да достук мамиледе экенин кошумча кылды.
Буга чейин Назарбаев Орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен жеке мамилелерин жогору баалай турганын белгилеп өткөн.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…