АКШ Булуң өлкөлөрүнөн дагы акча талап кылды
АКШ президенти Дональд Трамп менен Франция президенти Эммануель Макрон Ак үйдө өткөрүлгөн маалымат жыйынында Иран менен түзүлгөн өзөктүк курал боюнча келишим тууралуу жана Сириядагы кырдаал жөнүндө баянат беришти.
Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн өзөктүк курал боюнча келишим уланып жатканын билдирип, бул эң жаман келишим экенин, эч качан түзүлбөшү керек болгонун билдирди.
Ал АКШ кошуундарын Сириядан өз мамлекетине кайтаруу каалоосу бар экенин, бирок, ИШИМ жеңилгенден кийин бошогон жерлерге Ирандын ээлик кылышын каалабай турганын айтып өттү. Анын ырасташынча, аймактагы айрым бай мамлекеттер мындан ары Сирия кризисин чечүү үчүн зарыл болгон каражатты мындан да көп сарпташы керек.
“Үйгө кайтууну каалайбыз, бирок артыбыздан күчтүү жана туруктуу орун басар калтырышыбыз керек. Аймактагы айрым мамлекеттерди коргоп келүүдөбүз. Алардын арасында өтө бай мамлекеттер да бар. Эми алар өздөрү билип ал жерде кылынган иштердин акысын төлөшү керек”,- деди Трамп.
Түркистон:
Ирандын Америкага кызмат кылып келатканын дүйнөдөгү эч бир саясатчы четке какпайт. Аймакта Ирандын таасиринин кеңейиши Америка менен келишилген абалда ишке ашканы да эч кимге сыр эмес. АКШ өткөн жылдары Иран менен өзөктүк курал боюнча келишимге кол койду. Муну менен ага карата киргизилген санкцияларды алып, аймактагы ролун күчөттү.
Бүгүнкү күнгө келип Трамп Иранга жүктөлгөн негизги ролдон өнүмдүү пайдаланууда. Тагыраагы, Иранды “мокочо” кылып көрсөтүп, “мен силерди Ирандын зулумдугунан коргоп жатам”, деген шылтоо менен Булуң өлкөлөрүнөн миллиарддаган долларларды өндүрмөкчү. Анткени араб өлкөлөрү Иранды өздөрү үчүн эң чоң коркунуч катары билишет жана анын аймактагы таасири кеңейишинен коркушат.
Майданда мына ушундай аянычтуу кырдаал өкүм сүрүүдө. Эң аянычтуусу, АКШ бир тараптан өзүнүн капиталисттик идеологиясын сактап калуу үчүн мусулмандарды кыргынга салып жаткан болсо, башка бир тараптан мына ушул кыргындар үчүн сарптала турган каражаттарды Ислам өлкөлөрүнүн жетекчилеринен өндүрүп алууда.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…