Эво Моралес: АКШ заманбап дүйнөнүн коркунучу

Эво Моралес: АКШ заманбап дүйнөнүн коркунучу

Боливия президенти Эво Моралес АКШны заманбап дүйнөнүн негизги коркунучу деп атады. Бул тууралуу РИА Новости кабар таркатты.

“Ушуну ачык айтуу керек, эркиндик, демократия а түгүл жер планетасы үчүн негизги коркунуч – АКШ. Мен бул тууралуу ачык айтуудан коркпойм”, – деди Моралес Перуда болуп өткөн Америкалыктардын саммитинде.

Буга чейин Боливия президенти АКШдан Сирияга каршы агрессияны токтотууну, Кубадан блокаданы алып таштоону, Венесуэладагы мамлекеттик төңкөрүштү колдоодон баш тартууну, Мексикага каршы чек арадагы дубал курулушун токтотууну талап кылган эле. “Америкалыктар саммити” жума күнү Лима борбору Перу шаарында башталды.

Адатта үч жылда бир жолу өткөрүлгөн жыйындын кезектеги жалпы отуруму ишемби күнү болуп өттү. Бул отурум саммит түзүлгөндөн бери сегизинчи жолу өтүп жатат. Анда негизги маселелер коррупция менен байланыштуу болду. Саммиттин темасы да “коррупцияга каршы демократиялык башкаруу жана коррупциясыз туруктуу өнүгүү” деп аталды.

Кезектеги жыйынга бир нече президенттер келбеди. АКШ президенти Дональд Трамптын ордун вице-президент Майк Пенс, Куба лидери Рауль Кастронун ордуна Тышкы иштер министри келди. Ал эми Сальвадор, Гватемала жана Парагвай жетекчилери өкүлдөрүн Перуга жөнөтүүдөн да баш тартышты.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

7 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago