АКШ Орусияга жаңы санкцияларды жарыялайт

АКШ Орусияга жаңы санкцияларды жарыялайт

16-апрель күнү АКШ Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялоо ниетинде. Бул тууралуу АКШ каржы министри Стефен Менучин билдирди.

Анын айтымында, санкциялар дүйшөмбү күнү эртең менен жарыяланмак. Эгер Орусия санкцияларга амал кылбаса, жаңы чектөөлөр Асад менен алакасы болгон бардык компанияларына каратылат. Буга Орусиянын Сирия президенти Башар Асадды колдоп-кубаттаганы себеп болууда.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Си-би-эс каналына берген интервьюсунда Асаддын тарапкерлерин кандай акыбет күтүп жатканына байланыштуу суроого жооп берип жатып, “Албетте, жакында сиз Орусия үчүн жаңы санкциялар жарыяланышына күбө болосуз”,- деди.

“Коммерсант” гезити да АКШ Мамлекеттик департаментине жакын булакка таянып, АКШ админстрациясы Орусияга каршы жаңы санкцияларды колдонуу маселеси үстүндө сүйлөшүүлөрдү алып барып жатканы тууралуу кабар таркатты.

Маалыматтарга ылайык, Трамптын улуттук коопсуздук боюнча жаңы кеңешчиси Жон Болтон Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялоону сунуштаган. Ал Орусияга каршы көз карашы менен таанылган саясатчы.

Бирок, АКШ президенти трамп, бул санкцияларды убактылуу тоңдуруп турууну көздөп жатканы кабарланууда.

АКШ өкмөтүнүн бул кадамы маалымат каражаттарында Сирия режими Чыгыш Гутада ишке ашырган химиялык курал тууралуу маалыматтар чыккандан кийин жүз берди.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

7 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago