Путин: АКШ согуштук кырдаалды дагы да начарлатууда

Путин: АКШ согуштук кырдаалды дагы да начарлатууда

АКШ өз аракеттери менен Сириядагы согуштук кырдаалды дагы да начарлатууда. Бул тууралуу Орусия президентинин расмий сайтында айтылды.

Анын айтымында, АКШ эл аралык мыйзамдарды, укуктук негиздерди бузган абалда БУУнун Коопсуздук кеңешинин уруксатысыз ракета соккуларын ишке ашырды.
“Терроризмге каршы күрөштө алдыңкы сапта болгон көз карандысыз мамлекетке каршы зордук-зомбулук аракети болуп өттү”.

Ал Орусия терроризмге каршы күрөштө мыйзамдуу өкмөткө жардам берип жаткан Сирияга кол салууну каралай турганын маалымдады.

“АКШ өз аракеттери менен Сириядагы гуманитардык кырдаалды дагы да тереңдештирип, тынч калкка зыян жеткирип, жети жыл Сирия калкын эзип келген террорчуларга көмөктөшүүдө. Ал өлкөдө жана жалпы аймакта жаңы качкындар толкуну пайда болушуна себепчи болууда”,- деди Путин.
Орусия лидери Сириянын айланасындагы кырдаалдын изден чыгышы эл аралык мамилелердин бүтүн системасына таасир көрсөтө турганын билдирди.

“Тарых баарын өз ордуна коёт жана ал мурунтан Югославия, Ирак, Ливиядагы кандуу баскындыктар үчүн Вашингтондун мойнуна оор жоопкерчиликти илген”,- деп кошумчалады.
АКШ, Улуу Британия жана Франция менен бирге ишемби күнү таңда Сирияга ракета соккуларын берди. АКШ президенти Дональд Трамптын айтымында, бул Сириянын Дума шаарында ишке ашырылган химиялык кол салууга карата жооп катары болгон.

Түркистон:

Бир нече куфр мамлекеттери, бири-бири менен Ислам жерлеринде согуш алып барууда. АКШ, Орусиянын эл аралык саясаттагы чыныгы ордун көрсөтүп, аны өз ордуна түшүрүп коюу максатында ага каршы согуш жарыялады. Бирок, бул согушта да исламий жерлер ойрон болуп, мусулмандар курман болууда!
Путин, Сирияда Асад режимин коргоо максатында, АКШ атайын түзгөн оппозициялык согушкер уюмдарды шылтоо кылып, жүз миңдеген мусулмандарды кырып жиберди. Эми өзү да АКШнын бутасына айланып баштаганда, Асад режиминин атынан АКШга каршы күрөшмөкчү болууда. Орусия АКШ менен болгон күрөштө мусулмандарды тирүү дубал катары пайдаланмакчы болууда!

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

7 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago