АКШ, Британия жана Франция Сирияга сокку урду

АКШ, Британия жана Франция Сирияга сокку урду

АКШ, Улуу Британия жана Франция Асад режимин химиялык курал иштеткендикте айыптап, Сириядагы химиялык базаларды бутага алды. АКШ президенти Дональд Трамп Сирияга ракета учурууга буйрук беришинин артынан Улуу Британиянын премьер министри Тереза Мей менен Франция президенти Эммануель Макрон да Сирияда химиялык куралдын иштетилишине унчукпай карап тура албастыгын билдиришти.

Улуу Британия коргоо министрлигинин билдиришинче, Британия аба күчтөрү 4 Торнадо согуштук учагы менен Хомстагы эски ракета базага сокку урду. Анда “Бороондуу көлөкө” аттуу ракеталардан пайдаланылган.

НАТОнун башкы катчысы Енс Столтенберг АКШ башчылыгындагы кол салуу тууралуу, “АКШ, Британия жана Франция тарабынан ташталган кадамдарды колдоп-кубаттайм. Бул кадам режимдин химиялык курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн азайтат”,- деди.

АКШ Коргоо министри Меттис, Сирияга кылынган кол салуу “бир жолу” болгонун жана ушуну менен бул иш-чара аяктаганын билдирди.

“Бул жылы өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп курал иштеттик. Буталар да этияттык менен тандалды. Күчтүү кол салуу болду деп айтсам болот. Бул чабуулда Сирия режими бутага алынды”,- деди Меттис.

Бирок, АКШ чабуулдары 2017-жылдагыдай эле, “кожо көрсүн” үчүн болгону айтылууда. Анткени бул чабуулдан зыян тарткан эч кандай имарат же аскерий база тууралуу кабар чыкпады. АКШ 2017-жылы Сирия режимине кол салуу артынан бутага алынган базалар бош экени маалым болгон. Учурда да Сирия режими базаларды бошотуп койгону айтылууда.

Чабуулда Иранга караштуу согушкерлер да бутага алынганы билдирилди. Бирок, жергиликтүү булактарда айтылышынча, АКШ баштаган чабуулда 100 даана ракета атылса да баары биригип алты киши жаракат алган.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

7 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago