Смирнов: Хизб ут-Тахрир уюму баарынан кооптуу
2018-жылдын 5-апрелинде Өзбекстан борбору Ташкент шаарында башталган Шанxай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррор комитетинин жыйынында Хизб ут-Тахрирге каршы күрөшүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Орусия Коопсуздук кызматынын биринчи орунбасары Сергей Смирнов билдирди.
ШКУнун Аймактык антитеррор комитетинин 32-жыйынынан кийин журналисттерге берген маалымат жыйынында, генерал Смирнов Хизб ут-Тахрир Исламий уюму ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна өтө чоң коркунуч туудурарын билдирди. Муну менен катар бул уюмдун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү үчүн атайын бөлүм түзүлгөнүн маалымдады.
“Хизб ут-Тахрир ишмердүүлүк жана чакырык жагынан өтө кооптуу. Ошондуктан, биз ага өзгөчө маани беребиз. Бирок бул башка террордук топтор менен алектенбей калышыбызды түшүндүрбөйт”,- деди жыйынга жетекчилик кылган Смирнов.
Сүйлөшүү учурунда Хизб ут-Тарир Исламий уюмуна каршы күрөш алгоритмин түзүү тууралуу чечим кабыл алынганын белгилеген Смирнов “Бул тиешелүү органдардын алгоритми, тагыраагы, ал же бул мамлекеттин атайын кызматынын алгоритми”,- деп кошумчалады.
Смирновдун айтымында, ШКУнун Аймактык антитеррор комитетинин үстүндө турган туруктуу жумушчу топ түзүлгөн. Бул топ айрым мамлекеттерде (Хизб ут-Тахрир боюнча) ишмердүүлүк жүргүзгөн адамдарды аныктоодо атайын кызматтардын иштөө усулдары менен алектенет. Тизме даярдалып, бир же бир нече аймакта тиешелүү адамдардын иштери үстүнөн маалымат базалары түзүлөт.
Жыйынга Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Кытай, Индия жана Пакистандын атайын кызматтарынан келген жетекчилер катышты.
Түркистон:
Хизб ут Тахрир, исламий, саясий жамаат! Максаты, Ислам динин жашоого мабда (түзүм) катары кайта алып келүү! Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в дын Меккедеги алып барган иштери, Исламды турмушка кайтаруунун бирден бир тарыйкаты. Хизб ут Тахрир ишмердүүлүгүнө мына ушул жолду гана негиз кылат! Ошондуктан, хизб катары ар кандай маддий, аскерий иш алып барууну четке кагат.
Тарыйкатка ылайык, Ислам жашоо исламий Халифалык мамлекети аркылуу гана толук келет. Халифалык мамлекети болсо, үммөттүн колу менен тикеленет. Үммөттү бир гана исламий мабдаий иш алып барган Хизб, саясий жана пикирий күрөш алып баруу менен ойгото алат. Үммөттү туура жолдогу саясий хизб гана, мойнундагы жоопкерчиликти аткаруу менен жетектей алат!
Куфр дүйнөсү, ушул күнгө чейин мабдаий ислам менен кыйыр түрдө ар кыл исламий күчтөрдү бири-бирине каршы коюу менен коомго коркунучтуу деген багытта маалымат согушун алып барды. Исламий өлкөлөрдүн жетекчилерин өз тарабына оодуруп алып, алар аркылуу мусулмандарга зулумдук кылуу, исламий жамааттардын атынан жардыруу иштерин уюштуруу… сыяктуу услубдар менен күрөшүп келди. Алар Хизб ут Тахрирди терс көрүнүштө болсо да өздөрүнүн маалымат каражаттары аркылуу жарыялоодон тыйып келишти. Анткени, азырынча коомдо Исламды өз фикрат жана тарыйкатына байлап, Исламга Мабда катары фикрий жетекчилик негизинде даъват алып барып жаткан Хизб ут Тахрир гана болуп жатат. Демек жогорудагы сыяктуу куфр уюмдары, эл аралык саясаттын стратегиясынан келип чыгып, Пайгамбарыбыз с.а.в дын Сүннөтү менен Исламды жашоого алып келүүчүлөргө каршы күрөштү улантууда. Алар Хизб ут Тахрир көтөрүп жаткан исламий мабдаий күрөшкө каршы курал катары колдонуп жаткан бардык ыкмалар жарабай калды. Эми майданга куфрдун өзү Хизб менен ачык күрөшүү үчүн чыгууга мажбур болду. Муну Хизбге каршы ачык маалымат согушунан жана эл аралык уюмдар аркылуу күрөштөр жарыяланып жатканынан билип алсак болот.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…