АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода алакалар курчуду

АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода алакалар курчуду

Кытай өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунда (БДСУ) АКШнын болот жана алюминийден иштетилген кытай продукциясына карата бир тараптуу чечимдерине нааразы экенин билдирди. Бул тууралуу Кытайдын соода министрлиги кабар таркатты.

АКШ бул аракетин өлкөдөгү “Соода –сатыкты кеңейтүү тууралуу” мыйзамдын 232-беренесине ылайык  ишке ашырганын билдирүүдө.  Бул берене “улуттук коопсуздук кызыкчылыгы үчүн” башка мамлекеттерге карата соода тосуктарын орнотуу мүмкүнчүлүгүн берет.

“Вашингтондун мындай катуу аракеттери бүткүл дүйнөдө кабыл кылынган көп тараптуу соода алакаларынын негиздерине тескери келет. Бул БДСУ эрежелерин бузганын жана АКШга жүктөлгөн соода тосуктарын азайтуу боюнча милдеттерине моюн сунбай жатканын көргөзөт. Кытайдын өз кызыкчылыктарын тең укуктуу түрдө коргоодон башка чарасы калбады”, – деп айтылат өкмөттүн расмий сайтындагы баянатта.

Шаршемби күнү Пекин Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна АКШнын 301-берене  (1974-жылы соода-сатык туурасындагы мыйзамына) ылайык Кытай импортуна кошумча төлөмдөрдү киргизгени боюнча тийиштүү эл аралык уюмдарга расмий арыз менен кайрылган.

3-апрелде Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы соода алакалары келишпестиктин жаңы баскычына чыкты. Америка президенти Дональд Трамп админстрациясы кошумча 25 пайыздуу төлөмдөр киргизилген Кытай продукцияларынын тизмесин жарыялады. Буга жооп катары Кытай 25 пайыздуу төлөм кошулган Американын 106 түрдөгү товарынын тизмесин чыгарды. Мындай кырдаалдын уланышы АКШ тараптын Кытайдын товарларына карата мындан ары кошумча төлөмдөрдү киргизип же киргизбегенине түздөн-түз байланыштуу.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

7 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago