АКШ Кытай продукцияларына кошумча бажы салыгын киргизет
АКШ президенти Дональд Трамп ушул аптада кошумча импорт бажы салыктары киргизиле турган Кытай продукцияларынын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу “Reuters” маалымат агенттиги кабар берди.
Кабарда келишинче, жаңы бажы салыктары киргизилген продукциялардын суммасы 50-60 млрд. долларды түзөт. Биринчи мөөнөттө санкциялар жогорку технологиялык тармактагы продукцияларга киргизилет. Бул санкциялар Кытай өнөр жайын жаңылоо стратегиясынын алкагындагы “Кытайда иштеп чыгылган 2025” долбоорун да өз ичине алат.
Санкциялар Кытайды АКШ компаниялары алардын кызыкчылыктарына туура келбей турган абалда иш тутса да Кытайда интеллектуалдык мүлк берилишине мажбурлоо саясатын таңуулайт.
Кытай 2-апрелден тарта АКШдан келе турган 128 түрдөгү продукцияга бажы салыгын 25 пайызга чейин көтөрүп койгон. Пекин ушул жол менен АКШнын болот жана алюминийге киргизген кошумча бажы салыгына жооп кылган.
Адистер АКШ менен Кытай соода согушунун жакасында турганын, бул өз кезегинде бүткүл дүйнөдөгү экономикалык өсүүгө коркунуч туудурарын билдирүүдө.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…