Саудия мураскери: Өлкөдөгү көптөгөн диний чектөөлөр Исламдан эмес
Сауд Арабиянын мураскери Мухаммад бин Салман, Саудиядагы диний чектөөлөрдүн көпчүлүгү Ислам акыйдасынан келип чыкпагандыгын белгилеп, аймактагы диний жетекчилерди буга ишендирүүгө олуттуу аракет кылгандыгын билдирди. Мураскер шахзада Вашингтон Пост гезитинин жамааты менен бир саатка уланган жолугушууда ички саясатындагы жана социалдык турмуштагы оңдоолор тууралуу айтып өттү. Айрыкча, Саудия аялдарынын коомдогу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн катуу аракет кылганын билдирди.
“Менимче, Ислам акылга ылайык келген мээлүн дин. Ислам жеңил жана жөнөкөй. Адамдар аны ар тарапка бурууга урунушат”,- деди шахзада.
Мухаммад бин Салман бул иштер Саудия диний жетекчилери менен маанилүү сүйлөшүүлөрдөн кийин ишке ашырылгандыгын белгиледи. Анын айтымында, мындай чектөөлөр исламий этикаддын бир бөлүгү эсептелбей турганына консервативдүү диний жетекчилерди ишендирүүгө катуу аракет кылганын, акыбетте диний адамдар менен өткөрүлгөн узак убакытка созулган талкуулар натыйжалуу аяктаган.
“Диний элитада биз менен пикирлеш болгон адамдардын саны күндөн күнгө артып баратканынын себеби да мына ушунда”,- деп кошумчалады Мухаммад бин Салман.
АКШга расмий сапары алдында CBS телеканалына интервью берген мураскер шахзада Исламдын мээлүндүгүн тастыктап, Саудия өкмөтү экстремизмге каршы күрөшүп жатканын бүткүл дүйнөгө жарыя кылганын билдирген эле.
Шахзада өтмүштө экстремизм мектептерде жана таалим тармагында таркалып жатканына токтолуп, мындан ары экстремисттик пикирлердин таалим тармагына таасир өткөрүүгө эч качан жол бербей тургандыгын да белгилеп өттү.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…