Европанын 20га жакын өлкөсү Орусия дипломаттарын чыгарып жибериши мүмкүн

Европанын 20га жакын өлкөсү Орусия дипломаттарын чыгарып жибериши мүмкүн

Жыйырмага жакын Европа өлкөлөрү мурунку чалгындоо кызматкер Сергей Скрипал менен анын кызына байланыштуу окуядан кийин Орусия дипломаттарын өлкөлөрүнөн чыгарып жиберүүгө даярдык көрүүдө. Батыш бул иште Москванын колу бар экенин тынымсыз айтып келүүдө. Бул тууралуу британиянын The Times сайты кабар таркатты.

The Times сайтынын белгилешинче, макулдашылган жарлыкка Франция, Германия, Польша, Ирландия, Нидерландия, Болгария, Чехия, Дания, Эстония, Латвия жана Литва кошулушу мүмкүн. Европа Биримдигинин Орусиядагы элчиси Маркус Эдерер 26-март күнү төрт аптага чакыртып алынат. ЕБ мамлекеттеринин жетекчилери Брюсселде болуп өткөн сүйлөшүүдөн кийин ушундай чечимге келишишкен.

Мындан тышкары, ЕБ мамлекеттери Солсбериде жүз берген окуядан соң жалпы баяндаманы тастыкташып, анда алар Лондондун бул иште “Москванын жоопкерчилиги чоң” деген баянатына кошулаарын билдиришкен. Алар бул иште “башка акыйкатка жакын түшүндүрмө болушу мүмкүн эместигин” маалымдашты.

АКШ мамлекеттик департаментинин түшүндүрмөсү

АКШ Британияда Сергей Скрипалдын ууланышына байланыштуу окуядан кийин Орусияга карата түрдүү чараларды карап чыгууда, деп баянат кылды. Бул тууралуу 23-мартта АКШ мамлекеттик департементинин расмий өкүлү Хезер Науэрт билдирди.

“АКШ Орусиянын Улуу Британияда ишке ашырган өтө жагымсыз иш-аракеттерине түрдүү жооп чараларын карап чыгууда. Муну менен биз союздаштарыбыз менен бир тилде экенибизди билдиребиз. Эл аралык нормалар жана келишимдерди мынчалык ачык бузган Орусияны жоопкерчиликке тартууну каалайбыз. Азырынча мамлекет департаментинин чаралары жок болсо да, биз аракетке келерибиз бул тууралуу сиздерди кабардар кылабыз”,- деди Хезер Науэрт.

Анын алдында CNN телеканалы өз ысымын сыр сактаган булакка таянып, АКШ улуттук коопсуздук кеңеши Скрипал окуясынан кийин президент Дональд Трампка Орусия дипломаттарын өлкөдөн чыгарып жиберүүнү сунуштаганын кабарлаган. Бул тууралуу чечим тез убакытта кабыл кылынышы мүмкүн.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago