Өзбекстан менен Тажикстан ортосунда визасыз режим күчүнө кирди
Өзбекстан менен Тажикстан ортосунда жарандардын 30 күнгө чейин визасыз кирип-чыгуу туурасындагы бүтүм күчүнө кирди. Бул тууралуу, Өзбекстан ТИМинин маалымат кызматы кабар берди.
Бул келишимге Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиёевдин 9-10-мартта Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлган.
“19-мартта Өзбекстан менен Тажикстан өкмөттөрү ортосунда кол коюлган жарандардын өз ара келип-кетүүлөрү туурасындагы келишим күчүнө кирди”,- деп айтылат Өзбекстан ТИМинин кабарында.
Маалымат кызматынын кабар беришинче, келишим эки мамлекет жарандарынын келип-кетүүлөрүн виза аркылуу ишке ашыруу аркылуу аларга жеңил шарттар жаратуу максатында түзүлгөн.
“19-марттан баштап Өзбекстан менен Тажикстан Республикаларынын жарандары эки мамлекет чек арасында келишимде көрсөтүлгөн тийиштүү документке ылайык визасыз (30 күнгө чейин) болуулары мүмкүн”,- деп айтылат кабарда.
Өзбекстан чегараларын коргоо комитетинин маалымдашынча, чегарадан Өзбекстандын чегарасында жайгашкан калктар “чыгуу визасысыз” өтүүлөрү мүмкүн. Калган аймактагылар Тажикстанга баруу үчүн паспортуна чыгууга уруксат берүүчү стикер коюлган болушу керек. Чегарачылардын айтымында, ушул чаралар кайрадан карап чыгылат.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…