Түркияда Салахуддин Кач Тавхид байрагы үчүн үч жылга камакка алынды

Түркияда Салахуддин Кач Тавхид байрагы үчүн үч жылга камакка алынды

Үйүндө Расулуллах с.а.в. дын байрагын сактаганы үчүн Салахуддин Кач Истамбул жогорку соту тарабынан кылмышкер деп табылды. Фейcбук тармагында бөлүшкөн Исламий белгилер жана көпчүлүктүн зээнинде сакталган Тавхид байрагы үчүн Салахуддин Кач үч жыл камакка алынды. Салахуддин Качтын үч перзенти, алардын экөө психикалык жана физикалык жактан артта калуу менен ооруп жатканы эске алынбады. Бул тууралуу, Салахуддин Качтын адвокаты Абдурахман Өздемир билдирди.

Адвокат Өздемирдин белгилешинче, соңку жылдарда Исламий белгилер мусулмандардын жүрөктөрүнө коркуу салуу максатында колдонулууда. Ага ылайык, ушул убакка чейин муслималардын хижабдары коркунучтуу кылып түшүндүрүлүп келсе, эми Тавхид байрагы аркылуу мусулмандарга коркунуч жаратышууда.

“Ар бир мусулмандын зээнинде болгон Тавхид байрагы “террорчу” уюмдардын байрагы катары көрсөтүлүп, мусулмандарга каршы кылмыш иши ачылууда. Бул иштердин натыйжасында, алардын үстүнөн камакка алуу өкүмү чыгарылууда. Буга эң жаркын мисал, 15-мартта Истамбул сот отурумунда ишке ашырылган соттун өкүмү. Дал ушул байрак үчүн Салахуддин Кач аттуу адамга үч жылга камакка алуу өкүмү чыгып, Силиври абагына жиберилди. Ата-бабаларыбыз Ислам менен биргеликте бизге аманат кылып калтырган ушул жерде акыйкатка тескери түрдө ишке ашырылган мындай сот өкүмү биздин этикадыбызга акаарат болуп эсептелет. Бул чечимди тез арада артка кайтаруу керек. Тавхид байрагы жана Пайгамбар салаллоху алайхи васалламдын мөөрү бардык мусулмандар үчүн болуп, бирер уюмга тиешелүү эмес”,- деди адвокат Абдурахман Өздемир.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago