Орусия да Британиянын 23 дипломатын өлкөдөн чыгарат
Москва британиялык 23 дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Алар бир аптанын ичинде Орусиядан чыгып кетиши шарт. Бул тууралуу Орусия Тышкы иштер министри билдирди.
“17-мартта Орусия ТИМи Британиянын Москвадагы элчиси Лори Бристоуну чакыртып, ага Британия тараптын чагымчыл иш-аракеттерине жана Скрипалдын ууланышында негизсиз айыптоолоруна жооп катары нота тапшырды”,- деп айтылат Орусия ТИМинин маалымат кызматынын кабарында.
Мындан тышкары, Орусия Санкт-Петербургда Британиянын башкы консулдугунун ачылышына берген макулдугун кайтарып алат. О.э укук-милдеттери тартипке салынбагандыктан Британия кеңешинин ишмердүүлүгү токтотулат.
Министлик эгерде Британия тарап Орусияга карата душмандык аракеттерин уланта турган болсо, Орусия дагы башка жооп-чараларды колдонушу мүмкүн.
Буга чейин Улуу Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мэй Орусия Федералдык коопсуздук комитетинин мурунку кызматкери, Британыянын Солсбери шаарындагы разведка башкармалыгынын мурунку полковниги Сергей Скрипал жана анын кызы уулангандыгы себептүү өлкөдөн Орусиянын 23 дипломатын чыгараарын жарыялаган. Анын айтымында, Солсберидеги окуяга Орусиянын алакасы бар.
Орусиянын Лондондогу элчиси Александр Яковенко учурдагы кырдаалга түшүндүрмө берип жатып, орусиялык дипломаттар Британиядан 20-мартта чыгып кетерин билдирди.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…