Ташкент конференциясына “Талибан”​ өкүлдөрү катышпай калышы мүмкүн

Ташкент конференциясына Талибанөкүлдөрү катышпай калышы мүмкүн

Ташкент шаарында уюштурулуп жаткан эл аралык конференцияга «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү катышпай калышы мүмкүн. Афганстан маселесине арналган атайын жыйынга азырынча АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Сулливан менен Евро Биримдиктин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Федерика Могерининин катышуусу тастыкталган. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы 12-мартта кабар таркатты.

Министрликтин сайтында “Рейтер” агенттиги жолдогон суроого жооп берилип, анда алдыдагы эл аралык конференцияга Өзбекстан менен Афганстан президенттери, АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Сулливан менен Евро Биримдиктин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Федерика Могерини, Афганстан боюнча БУУнун атайын өкүлү Тадамичи Ямамотолордун катышуусу дипломатиялык алакалар аркылуу тастыкталганы айтылган.

О.э Ташкент конференциясына Орусия, Түркия, Иран, Индия, Тажикстан, Кыргызстан жана Пакистандын Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү да катышат.

Өзбекстан ТИМинин кабарлашынча, “Талибан” кыймылынан алигиче конференцияга катышуу үчүн кайрылуу же дипломатиялык жолдор аркылуу каалоосу билдирилбеген.

Түркистон: 

АКШнын демилгеси менен уюштурулуп жаткан Ташкент конференциясы, Сирия өкмөтүнө каршы күрөшүп жаткан согушкер топторду токтотуу максатында уюштурулуп келген “Женева, Астана” конференцияларын эске салууда. Максаттары да ал конференциялардан анчалык айырмаланбайт. Тагыраагы, исламий күчтөрдү бир нече тайпага бөлүп жиберип, аларды стратегиялык жактан жана маддий душмандарга айлантып алуу менен Талибанды талкалоону максат кылышууда.

Сирияны эстеңиз, саткын, мутадилдикке ыктаган бир нече күчтөрдүн өкүлдөрү гана аталган конференцияларда тентиреп жүрүшөт. Куфр менен келишүүдөн баш тарткан күчтөрдү болсо миңдеген бала-чакалары менен бомбалап, кыргын кылышууда. Андан соң кайрадан конференция уюштуруп, катышуудан баш тарткандарды кайрадан кыргын кылууда. Андан соң кайрадан конференция……..

Бул конференцияларды уюштуруу, тынчтык келишимдерине кол коюулар жагымдуу чөйрө жаратууну максат кылбайт. Тескерисинче, чыныгы такыбаа мусулмандардан куфрга ыктаган “мутадил” мусулмандарды ажыратып алууну максат кылат! Андан кийин ыйман ээлерин (эгер алар аз жана алсыз абалда болсо) Сириядагы сыяктуу кыргын кылып, жок кылууга аракет кылышат!!!

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago