Шавхат Мирзиёев расмий сапар менен Тажикстанга барды
Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиёев Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 9-март күнү мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды.
Иш-сапардын алдында 25 жылдан бери токтоп турган аба каттамы жанданып, өзбек-тажик чек арасындагы он авто жана темир жол бекеттери ачылган.
Жогорку даражадагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекет ортосундагы саясий, соода, экономика, инвестиция, каржы, транспорт-коммуникация, туризм, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү, жарандардын өз ара каттамдарын жеңилдетүү маселелери талкууланат. О.э тараптарды кызыктырган аймактар аралык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашылат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, президенттер бирдиктүү баянат жасап, Өзбекстан – Тажикстан мамлекеттик чек араларынын айрым бөлүктөрү тууралуу келишим түзүлүп, жарандардын өз ара каттамдары туурасында келишимге кол коюлат. О.э түрдүү тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөөгө каратылган 25тен ашык документке кол коюу пландаштырылган.
Мындан тышкары, иш сапар учурунда ишкерлер форуму да болуп өтөт. Сүйлөшүү учурунда Өзбекстандын улуттук өнөр-жай жарманкесин өткөрүү да пландаштырылууда. О.э соода жана экономикалык түрдүү тармактарга байланыштуу келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…