АКШ админстрациясы: Москва тынч калкты өлтүрүп жатат
АКШ админстрациясы Орусия, Иран жана Сирия режимдерин БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2401-резолюциясына амал кылууну талап кылды. Москваны Чыгыш Гутанын тынч калкын өлтүрүп жаткандыкта айыптаган Вашингтон, Орусиянын учактары Сириянын Лазкия шаарындагы Хмеймим аба базасынан учуп, Гута шаарын ойрон кылып жатканын билдирди.
“Орусия БУУда кабыл алынган келишимдерди этибарга албай, терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу менен бейкүнөө жарандарды өлтүрүүнү улантып жатат. Сирия президенти Башар Асад жана анын тарапкерлери болгон Москва менен Тегеран БУУнун Коопсуздук кеңешинде чыккан 2401-резолюцияга амал кылуулары керек. О.э алар Чыгыш Гутадагы жана анын айланасындагы аскерий чабуулдарды токтотуулары керек. Камоодо калган бейкүнөө 400 миң жайкын тургундарга жиберилген гуманитардык жардамдарды тосуксуз жеткирүүгө уруксат берилиши шарт”,- деп айтылат Ак үйдөн берилген баянатта.
Түркистон:
АКШ админстрациясы Сирияны отко айландырууну Орусия, Иран жана Асад режиминен өзү талап кылып келген. Аларды келишимди сактабай жаткандыкта айыптоо менен өзүн актоого урунуп жатат. Түпкүлүгүндө, Орусия күчтөрү Сирияга Американын ыраазылыгы жана буйругу менен кирди. Тагыраагы, Америка Асад тарапта туруп согушуу милдетин Орусияга жүктөдү. Анткени, ал өзүн козголоңчулар тарапкери катары көрсөтүп келген. Себеби, Вашингтондун ачык түстө Асаддын тарабын алып согушка кирүүсү мүмкүн эмес эле. Мындай абалда анын чыныгы жүзү ачылып калмак. Ошондуктан, ал Орусиянын саясий аң-сезими жоктугунан пайдаланып, бул ишти анын мойнуна жүктөдү. Ошол эле учурда өзүн Орусиянын кыргындарына алакасы жоктой көрсөтүүгө урунуп жатат. Максат, бардык ыпластыктарды Орусия менен Ирандын үстүнө жүктөп, өзүн таза көрсөтүү.
Америка Орусияны жипсиз байлап, өзүнүн куралына айландырып алды. Эми аны оңой жол менен коё бербейт. Учурда, аны Исламга каршы күрөштө пайдаланууда. Путин өкмөтү болсо учурда АКШнын талаптарына баш ийүүгө мажбур. Анын бирден-бир дарты президенттик тактысын колдон чыгарбай кармап туруу болуп калды.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…