Казакстан терроризмге каршы күрөшүүгө 270 миллиарддан ашык тенге бөлөт
“Vlast.kz” кабар агенттигинин билдиришинче, Казакстан өкмөтү 6-мартта диний экстермизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча 2018-2022-жылдар үчүн даярдалган мамлекеттик программанын долбоорун тастыктады. Улуттук коопсуздук комитет жетекчисинин орун басары Нургали Билисбеков бул долбоорду министрлер кабинетинин жыйынында сунуштап жатып, “долбоор радикалдуу көз караштагы адамдарга, экстремисттик кыймылдарга жана терроризмге каршы каратылган”ын айтып өттү.
“Долбоордын алкагында 80 иш-чара өткөрүлөт. Алардын 35и атайын макамга ээ. Бул иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн беш жыл ичинде 270 миллиард тенгеден ашык (840 млн. $) каражат бөлүү пландаштырылган”,- деди Билисбеков.
Анын айтымында, бул каражаттар “атайын кызматтарды, укук коргоо органдарын заманбап техникалар, курал-жарактар жана акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен камсыздоо үчүн жумшалат. О.э профилактикалык иш-чараларды уюштурууга, орган кызматкерлеринин квалификациясын көтөрүүгө багытталат”.
Билисбеков, “Бул иш-чаралардын натыйжасы максаттуу көрсөткүчтөр менен өлчөнөт. Мында радикализмдин таасирине дуушар болгон адамдардын жылдык көрсөткүчүн азайтуу назарда тутулат. 2022-жылга чейин экстремисттик пикирлерди колдоп-кубаттаган казакстандыктардын санын 65 пайызга, террордук чабуулдарды алдын алуу боюнча атайын кызматкерлердин даярдык даражасын 95 пайызга көтөрүү керек”,- деп кошумчалады.
Жаңы сунушталган мамлекеттик долбоор 2013-2017-жылдар үчүн кабыл алынган мурунку долбоордун уландысы болуп, анын натыйжалары өкмөттүн жыйынында талкууланды.
“Башкармалыктар арасындагы мамилелерди жана контрразведка иштерин жакшыртуунун натыйжасында 2013-жылдан бери 38 террордук аракеттин алдын алуу мүмкүн болду”,- деп сөзүн аяктады Билисбеков.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…