Пентагон: Орусиянын Борбор Азиядагы таасири бизге маселе жаратат

Пентагон: Орусиянын Борбор Азиядагы таасири бизге маселе жаратат

АКШнын Борбордук башкармалыгынын жетекчиси Жозеф Вотел Орусиянын Борбор Азиядагы таасиринин уланышы АКШ үчүн бул аймакта маселе чыгарып жатканын билдирди. Вотел бул тууралуу АКШ Сенатынын жыйынында куралдуу кызматтардын жетекчилиги берген отчётто айтып өттү.

“Орусия али да Борбор Азия аймагындагы таасирин сактап келүүдө. Мурун Советтер союзунун курамында болгон өлкөлөр экономикалык жактан, коопсуздукту камсыздоодо Орусияга таянууну улантууда. Бул болсо биз үчүн маселе жаратууда. Анткени, Орусиянын аракеттери биздин бул мамлекеттер менен болгон алакаларыбызды чектеп, Москванын таасирин күчөтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратышы мүмкүн”,- деп айтылды отчётто.

Вотелдин билдиришинче, Орусия 2014-жылдан баштап ЕАЭБ интеграциясын күчөтүү менен өзүнүн таасирин тикелөө максатында буфердик аймакты бойлоп аракет кылууда.

Вотел борбордук башкармалык (бул башкармалык Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия жана Африка аймактарындагы жоопкерчиликти өз ичине алат) АКШнын кызыкчылыгын жайылтуу үчүн Түштүк Азияда, айрыкча Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда иш алып барып жатканын билдирди. Анын ырасташынча, Ак үй аймактагы мамлекеттер менен аскерий алакаларды өнүктүрүү жолунда тынымсыз иш алып барууда.

turkistonkg

Recent Posts

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү Ички иштер министрлиги экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко…

22 hours ago

Мазаммат кылынган хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم  АДЕП-АХЛАК  Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар)  Убадага тескери…

2 days ago

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди Президент Садыр Жапаров кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп…

2 days ago

Жөөт вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Жөөт  вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу Ассаламу алейкум уа рахматуллохи…

3 days ago

Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт Урматтуу бир туугандар…

3 days ago