Саудияда “Америкача операциялар” уланууда

Саудияда “Америкача операцияларуланууда

Саудияда англиспарастарды жок кылуу операциялары уланууда. Соңку күндөрдө Саудия өкмөтү бир нече аскер жетекчилерин жана жогорку даражалуу кызматкерлерди мансабынан четтетүүдө.

Саудиянын расмий кабар агенттиги “SPA”да падыша Салман бин Абдулазиздин жаңы жарлыгы жарыяланды. Анда, аба күчтөрүнун жетекчиси Мухаммад бин Авадсухайм жана башкы штаб башкармасынын төрагасы генерал Абдурахман бин Салих ал-Бунян пенсияга чыгарылды. О.э кургактык кошуундарынын жетекчиси Фахд бин Түркий бин Абдулазиз, ички иштер министринин эки орунбасары Ахмад Ал-Салим менен Хамад бин Халаф Ал-Халаф, эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орунбасары Ахмад ал-Хумайдан, тышкы иштер министринин орунбасары Юсуф ал-Садун кызматтарынан бошотулду. О.э Жавф облусунун жетекчиси Фахд ибн Бендер да кызматынан четтетилди.

Мындан тышкары, Саудиянын падышасы Салман бин Абдулазиз улуттук коопсуздук стратегиясын өнүктүрүүгө ылайык даярдалган коргоо министринин пограммасын өнүктүрүү долбооруна да кол койду.

Хизб ут-Тахрир амири тарабынан чыгарылган “Саудияда эмнелер болуп жатат?! Бул жараяндарда Американын орду кандай?!” аттуу суроо-жоопто учурдагы өзгөрүүлөргө карата ушундай жооп берилген: “Биз Америка жемкордукка каршы күрөшүү кампаниясын жана аны ишке ашырып жаткандарды колдоого алгандыгын көрүп жатабыз. Мисалы, 2017-жылдын 6-ноябрында Америка президенти өзүнүн “Twitter” баракчасында мындай деди: “Менин Саудия падышасы жана шахзаададан чоң ишенимим бар. Ал экөө эмнени ишке ашырып жаткандыктарын жакшы түшүнүшөт. Ал экөөнүн катуу мамилесине дуушар болуп жаткандар көптөгөн жылдар бою мамлекетти тоноп келишкен”.

“Сауд пресс” агенттигинин маалыматында: “Саудия падышасы 2017-жылдын 5-ноябрында Америка президенти менен телефон аркылуу мамлекетте жүз берип жаткан саясий окуялар тууралуу сүйлөштү. Экөө эки мамлекет ортосундагы көп тараптуу кызматташтык тууралуу жана аны өнүктүрүү жөнүндө талкуулашты. Мындан тышкары эл аралык жана жергиликтүү кырдаал тууралуу да пикир алышты”. 2017-жылдын 4-ноябрында “Reuters” кабар агенттиги: “Трамп Саудия падышасы менен Саудиянын эң ири “Aramco” мунай компаниясын Нью Йоркко киргизүү жана Эр Рияд компаниясынын акциясын Нью Йорк биржасына коюшуна ыраазы экенин билдирди. Сауд падышасы Америка биржаларын пайдаланууну караштырарын билдирди”,- деп маалымдады. Ушул эле агенттик 7-ноябрда Америка ТИМинин пресс-секретары Хизер Нойерттин сөзүн басып чыкты: “Биз Саудия бийлиги жемкордукка шектелген атка минерлерди ачык айкындык менен акыйкат соттоосун жана жоопкерчиликке тартуусун колдоп кубатоону уланта беребиз”. Ушулардын баары – Америка өзүнө жакпаган, же ага малайлык кылууда шек күмөн жараткан, же британиячыл адамдарды, же Салман жана анын баласы мамлекетти Америкалыктарга тез арада сатып жиберишине каршы болгон адамдарды жемкордукка шектөө менен камакка алуу кампаниясынын артында Америка тургандыгын айгинелейт.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago