Ашраф Гани: Талибанды саясий топ деп тан алабыз

Ашраф Гани: Талибанды саясий топ деп тан алабыз

 Афганстан президенти Ашраф Гани “Талибан” кыймылын “саясий топ” деп тан алынышын жактап чыкты. Бул тууралуу Sputnik сайты Tolo News телеканалына таянып кабарлады.

 Телеканалдын кабарлашынча, Ашраф Гани Афганстан өкмөтү талибдер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө паспортторду берип, кыймылдын жетекчилеринен санкцияларды алып таштоо боюнча иш баштаарын билдирди.

 “Биз қамакка алынган талибдерди дагы азаттыкка чыгаруу үстүндө иштейбиз”,- деди Афганстан президенти.

 Ашраф Гани өкмөт тынчтык жараянына кошулган “Талибан” мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоону өзүнчө беллгилеп өттү.

“Тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Талибан пикирин карап чыгабыз”,- деп кошумча кылды Гани.

 Маалым болгондой, соңку айларда Афганстандагы кырдаал курчуп кеткен. Мамлекеттин айыл аймактарынын көпчүлүк жерлерин ээлеп алган “Талибан” кыймылы акыркы учурда ири шаарларга да кол сала баштаган. Өлкө ичинде “Ислам мамлекети” тобунун таасири да күчөтүлүп жатат.

Түркистон: 

Афганстанда кырдаал курчуп баратат. Президент Ашраф Гани, АКШ тараптан жасалма түрдө уюштурулушу күтүлүп жаткан аскерий согушка карата алгач өзүнүн стратегиялык позициясын белгилеп алмакчы. Ал, Талибан менен өз ара душмандыкты жоготуп, алар менен кызматташтык тактикасын алып бармакчы. Анткени, ИШИМ уюму дээрлик АКШнын таасири астында иш алып барууда. А түгүл, АКШ ИШИМ атынан көптөгөн ыплас иштерди жасашы күтүлүүдө!

Ошондуктан, президент Ашраф Гани, (албетте АКШ кеңешчилеринин таасири астында) Талибан кыймылы менен мамилесин оңдоп, эгер согуш башталып калса аларды курал-жарак менен колдоп туруу вазыйпасын да мойнуна алышы мүмкүн. Бул иш-аракеттердин баары албетте АКШ сценарийи жана жетекчилиги астында барууда. Негизги максаттары, Талибан менен ИШИМ уюмунун ортосунда согуш отун тутантуу менен кезектеги мусулмандар арасында кыргындарды уюштуруу. АКШ менен афган өкмөтү болсо, аларды башкаруучу, багыттоочу жана эки тарапты согуш куралдары менен колдоп туруучу вазыйпаны аткарышмакчы! 

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

20 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

24 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago