Орусия акыркы үлгүдөгү аскерий технологияларын Сирияда сыноодон өткөрүүдө
Орусия парламентинин коргонуу комитетинин төрагасы Владимир Шаманов Орусия 2011-жылдан бери Сирияда уланып жаткан согушта 200дөн ашык жаңы куралды сыноодон өткөргөнүн билдирди. Бирок, ал Сирияда сыноодон өткөрүлгөн куралдардын анык түрлөрүн атаган жок.
“Биз досубуз Сирияны колдоп-кубаттоодо 200дөн ашык жаңы куралды сыноодон өткөрдүк. Бир нече мамлекеттер, а түгүл биз менен союздаш болбогон мамлекеттер да курал сатып алуу үчүн бизге келип жатат. Бүгүнкү күндө аскерий өнөр жайыбыз сыймыктана турган даражага жетти”,- деди Шаманов.
Кабарларда айтылышынча, Орусия Сирияда СУ-57 үлгүсүндөгү бешинчи муундагы аскерий учактарын пайдаланган. Ушул учактардын фото сүрөттөрү орус маалымат каражаттары аркылуу жарыяланган. Аты аталышын каалабаган Орусиянын коргоо министрлигинин өкүлү, муктаждык болгондо сыноодон өткөрүү үчүн СУ-57 үлгүсүндөгү эки учак “Химайм” аба майданына жиберилген. Бирок, Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков СУ-57 үлгүсүндөгү учак Сирияда ишке салынгандыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.
Ушул күндөрдө Орусиянын Чыгыш Гутада уюштурган абадан болгон чабуулдары натыйжасында эсепсиз тынч жарандар, бейкүнөө аялдар, бөбөктөр жырткычтык менен бомбаланып өлтүрүлүүдө. Сирия адам укуктары боюнча обсерваториясы соңку беш күн ичинде ишке ашырылган абадан болгон чабуулдан Чыгыш Гутада 403 киши, 95 бөбөк курман болгонун билдирди. Чыгыш Гута аймагы Астанада келишилген “коопсуз аймакка” кирет. Ушундай болушуна карабай, “коопсуз аймактын” коопсуздугун өз мойнуна алган Түркия менен Иран Орусиянын бул кыргынына сүкүт сактоону абзел көрүүдө.
Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…
Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!! Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…
Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Эгер уялбасаң каалаганыңды кыл Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…