Өзбекстандын аскерий делегациясы Афганстанга барды
Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиришинче, Өзбекстан коргоо министринин биринчи орунбасары, куралдуу күчтөр башкы штабынын жетекчиси генерал-майор П. Эргашев баштаган делегация Афганстанга болгон сапарын жыйынтыктады.
Өзбекстан делегациясы Кабул шаарында Борбордук жана Түштүк Азия мамлекеттеринин армиясынын башкы штаб башкармалыктарынын жылдык конференциясына катышты. Ага АКШ/НАТОнун “колдоп -кубаттоо” миссиясы, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстан куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Эл аралык терроризм жана наркотикалык заттардын мыйзамсыз айланышына каршы биргеликте күрөшүү маселелери конференциянын күн тартибиндеги негизги темалардан болду.
Өзбекстандын Афганстандагы элчиканасы маалымдашынча, расмий сапардын алкагында делегация Афганстан президенти Мухаммад Ашраф Гани менен жолукту.
10-февралда Ташкентте өзбек-афган бирдиктүү комиссиясынын коопсуздук маселелерине арналган кеңеш болуп өткөн. Анда тараптар терроризм жана экстремизмге, курал-жарак соодасына, наркотикалык заттардын мыйзамсыз соодасына, уюшкан кылмыштуу топтордун башка түрлөрүнө да каршы күрөшүүнүн келечегин талкуулашкан.
Март айында Ташкентте Афганстанда тынчтык орнотууга арналган эл аралык жыйын өткөрүлүшү пландаштырылууда.
Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…
Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…