Түркмөнстанда намазга тыюу салынды

Түркмөнстанда намазга тыюу салынды  

 Түркмөнстандын Дашогуз облусунда коопсуздук кызматкерлери динге берилгендерди суракка алып, намаз окууну токтотууну талап кылууда. Бул тууралуу “азаттыктын” түркмөн кызматы кабар таркатты.

“Дашогузда мечитке чакыргандарды, пенсия жашына жете элек мамлекеттик кызматкерлерге, үйүндө же ишканасында намаз окугандарга улуттук коопсуздук кызматкерлери эмне үчүн намаз окуп жатасың, ким менен мамиледесиң, ата-энең барбы, деген суроолорду берип жатышат. Андан соң намазга жыгылбоону, мечитке барбоону талап кылышууда”, – деди булактардын бири.

Анын айтымында, суракка алынгандар мечитте же иш ордунда намазга жыгылса, жумуштан бошотулары жөнүндө эскертүү алышууда.

“Жаштардан Түркияда иштеп келгени же иштебегени суралып, ал жерде бир туугандары бар же жок экенин такташуда. Алардан кандай үлгүдөгү телефон пайдаланышаарын, телефондо диний даъваттар бар же жок экенин сурап жатышат. Текшерүүдөн өткөндөрдүн айрымдары сакалын алгандан кийин гана бошотулуп жатат”,- деп кабар берди азаттык.

 Маек кургандардын айтымында, тергөө өткөрүп жаткан күч органдары диндарларды эмне себептен суракка алганын айтышкан эмес. Мындан тышкары, аймактагы бир нече булактын айтышынча, Түркмөнбашы Сапармурат бир катар айылдарда жергиликтүү аткаминерлерге намаз окуган диндарлардын тизмесин түзүүгө тапшырма берген.

 Түркистон: 

Түркмөнстандын мурунку президенти, маркум Сапармурад Ниязовдун калемине таандык “Рухнама” китеби чыгарылгандан кийин маалымат каражаттарында “Түркмөнбашын” пайгамбар деп атала баштаган. Буга түркмөнстандык диний ишмер Хожа Ахмад Орозгулов бул мусулмандардын этикадына тескери экенин айтып чыгат. Мына ушул билдирүүдөн кийин Ислам динине каршы күрөш күчөтүлгөн. Уламанын ушул сөзүнөн кийин түркмөн өкмөтү Орозгуловдун түркмөн тилине которгон 40 миң нуска Куран китебин жагууга буйрук берген. Расмий өкмөт муну менен эле токтоп калбай, Ашхабаддагы мечиттердин жарымын бузуп таштады. Андан соң мусулмандарды түрдүү айыптар менен абактарга камай баштады. Укук коргоочулардын берген маалыматына таянсак, катуу режимдеги “Овадон Төбө” абагында 300гө жакын диндар камалган. Аларга жакындары менен жолугууга, сырттан бирер нерсе алып кирүүгө тыюу салынган.

 Улуттук коопсуздук башкармалыгы жана жол кайгуул кызматы сакал койгон жана 50 жашка чыга элек мусулман эркектерди кармап, атайын сурактан өткөргөн соң сакалдарын мажбур түрдө алып ташташат. А түгүл, аларды арак ичүүгө, чочко этин жегенге мажбурлашат. Күч органдарынын талабын аткарбаган мусулмандар болсо эч кандай сот, тергөөсүз 7-8 жылга абакка отургузулат. Мунун натыйжасында режим абактары мусулмандар менен толуп кетти. Өткөн жылдын жаз айларынан баштап коргоо министрлигинде кызмат кылган намазкандарды жумуштан бошотуу иштери башталган. Бүгүнкү күнгө келип, бардык мамлекеттик кызматчыларга намаз окууга тыюу салына баштады.

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

14 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

15 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago