Кабулов: Америкалыктар Ооганстанда ИШИМ менен күрөшкөн жок
Орусия президентинин Ооганстандагы атайын өкүлү Замир Кабулов, АКШ Ооганстанда ИШИМге каршы күрөшпөгөнүн билдирди. Дипломат бул тууралуу бейшемби күнү “Россия 24” теле каналына берген интервьюсунда айтып өттү.
“ИШИМ үстүнөн жетишилген жеңиш тууралуу айта турган болсок, америкалыктар Ооганстанда ИШИМге каршы дээрлик күрөшкөн жок. Талибанга абадан сокку берүүдө. Анткени, АКШ кургактыкта уюштурган кол салууларда ийгиликсиздикке учурады. Абадан чабуул кылуу алар үчүн жеңил. Бирок, алар ИШИМге каршы күрөшкөн жок”,- деди Кабулов.
Дипломат ИШИМ уюму Ооганстанга америкалыктар менен Ооганстандагы башка чет элдик күчтөргө каршы күрөшүү үчүн эмес, балким, Борбор Азияга кол салуу үчүн келгенин билдирди. Анын ырасташынча, Ооганстандагы ИШИМ жоокерлеринин көпчүлүгү Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн жана Орусиядан келген.
Учурда АКШ разведкасы Талибан мүчөлөрүн ИШИМге айлантуу үстүндө иш алып барып жаткандыгы да айтылууда. Кабарларда келишинче, АКШ разведкасы Талибан жоокерлери башка бир “террорчу” уюмга өтүп жатканына баа бере турган отчёттун үстүндө иш алып барууда. Жаңы уюм Талибан сыяктуу Кабул өкмөтүнө жана коалиция күчтөрүнө каршы күрөшө турган уюм болушу көздө тутулган.
Талибан кыймылы өзүнүн мурунку расмий баянаттарында АКШ аскерийлери Ооганстанда ИШИМди коргоп жатканын билдирген. Баянатта Талибан кыймылы ИШИМге кол салып, аны жеңип чыгууга аз калганда АКШ күчтөрү буга тоскоолдук кылганы айтылат.
Түркистон:
Биз мурунтан бери айтып жаткан, “АКШ Шамдагы “ИШИМ” уюмунун бир бөлүгүн Ооганстанга алып кирүүдө” деген сөзүбүз өз тастыгын таап жатат.
АКШ дүйнөнү өз таасири алдында кармап туруу максатында, аймактарда күчтөр таразасын пайда кылууда. Бул үчүн бири-бирине кашы тараптардын экөөнү тең колдоп барууда. Маселен, Жакынкы Чыгышта араб өлкөлөрүн коркууда кармап туруу үчүн “израилди” ар тараптуу колдоп-кубаттап келет. Яхудийлерге каршы учурунда “Хамас” уюмунан, кийинчерек Саддам режиминен пайдаланды. Учурда Иранды коркунучтуу көрсөтүп аны ушундай абалда сактап келүүдө. Түндүк Кереяны Түштүк Корея, Япония жана Кытайды коркунучта кармап туруу үчүн жашыруун колдоп келүүдө. Ондогон жылдар бою жок болуп кеткен “Аль Коида” уюмунун атынан АКШ атайын кызматтары дүйнө бойлоп жардыруу иштерин алып барды. Учурда анын ордуна “ИШИМ” атынан дүйнө бойлоп коркунучтуу кылмыштарды уюштурууда! Куфр системасы шарт түзүп берип жаткан колонизаторлуктун мындай стратегиялык амалдары, дүйнөлүк саясатчылар үчүн сыр эмес!
АКШ Ооганстанда “Талибан” кыймылына каршы “ИШИМ” уюмунун согушкерлерин даярдап барууда. Бул күрөш мусулмандар ортолорунда гана болушу менен бирге, АКШ үчүн аймакта стратегиялык мааниге ээ! Ал Ооганстанда согуш коркунучун пайда кылуу менен ал жерде жана коңшу өлкөлөрдө өзүнүн аскерий жана саясий таасирин күчөтүп алмакчы. Муну менен Кытайдын түндүк батыш тарабында өзүнүн аскерий базаларын жана жасалма исламий согушкерлердин бирикмелерин күчөтүп алмакчы.
Орусия болсо абалга дээрлик таасир өткөрө албашын билип, бул стратегиядан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланууну көздөп жатат. Сценарий боюнча Орусия “Талибанды курал жана малымат жагынан колдоп турат. О.э таасири астындагы Орто Азия өлкөлөрүндө да мүмкүн болушунча аскерий коркунучтарды пайда кылып, бул жердеги аскерий жана башка таасирлерин дагы да күчөтүп алмакчы.
Тыянактап айтканда, Ооганстанда АКШ кудум Сириядагыдай Орусия менен кызматташтыкта мусулмандардын арасында согуш отун тутантууну максат кылат!
Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…
Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…