Тез жардам кызматына акы төлөнөт
Мындан ары “Тез жардам” кызматына акы төлөнүшү мүмкүн. Мындай сунуш 9-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында каралды. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Марат Калиев, “Тез жардам” кызматына көптөгөн каражат сарпталаарын билдирди.
“Тез жардам кызматын акы төлөп чакыра турган убакыт келди. Албетте, калктын айрым катмарына “Тез жардам” кызматы мурдагыдай эле бекер бойдон калат. Чет жерде жөнү жок “Тез жардам” кызматын эч ким чакырбайт, анткени бул кызмат үчүн акы төлөш керек экенин баары жакшы билет”,- деди Калиев.
Жетекчи бул сунушту алгач “Тез жардам” кызматына аз чакырык болгон аймактарда ишке ашыруу керек экендигин билдирди. Бул сунуш менен министр Талантбек Батыралиев макул болуп, министрликте дайыма акча тартыш экенин кошумчалады.
Түркистон:
Медицина адамдарга керектүү кызыкчылык болуп, негизги муктаждыктардын түркүмүнө кирет. Адам өзүнүн негизги муктаждыгын толук камсыздоосуна шарт түзүп берүү мамлекеттин мойнундагы милдет болуп эсептелет.
Ислам мамлекети тикеленген биринчи күндөн баштап, медициналык кызмат акысыз камсыздалган. Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаҳу алайхи ва саллам Укл жана Урайна урууларынан Исламды кабыл алуу үчүн Мадинага келген сегиз кишинин оорусу күндөн-күнгө оорлошуп баштаган. Ошондо, аларды төрт мил узактыкта оттоп жүргөн байтулмалдын төөлөрүнүн сүтүн ичип, дарыланышы үчүн жиберген. Алар төөнүн сүтүн ичип, керектүү жардамды алгандан кийин бат эле сакайып кетишет. Пайгамбарыбыздан кийин Чарыярлар, алардан соң кийинки Халифалар да оорулуулар үчүн өзүнчө имараттарды салып, ал жерге квалификациялуу дарыгерлерди коюшкан. Бейтаптарды дарылоого кеткен каражат толугу менен мамлекеттин эсебинен болуп, жарандар бекер дарыланышкан.
Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо түзүмү – бекер медициналык кызмат көрсөтүү, бекер дарылоо, дабалоо мөөнөтүн толук аткаруу, бейтаптын рухий абалына көңүл буруу, ага жумшак мамиледе болуу негизине курулат. Муну башкарууга жоопкер болгон адам жөндөмдүү болушу шарт кылынат.
Аллахтын уруксаты менен жакынкы мезгилде кайрадан тикелене турган Халифалык мамлекети да бардык жарандардын медициналык муктаждыктарын толугу менен камсыздай турган түзүмү менен келет. Бул түзүмдө бардык адамдардын – расасы, дини, мазхабы жана жынысына карабай – медициналык муктаждыктары кепилденет. Себеби, медициналык кызмат көрсөтүү мамлекеттин вазыйпаларынан болуп, бардык жарандар бул кызматтардан жеңил пайдаланышына шарт түзүлөт. Ошондуктан, мамлекет жарандардын дабалануусу үчүн ооруканаларды жана дарылана турган мекемелерди курушу шарт болот. А түгүл бул мекемелерде акысыз кызмат көрсөтүүнү жолго коёт. Бирок, мамлекет дарыгерлерди жалдоодон жана дарыларды сатуудан калкты тыйбайт.
Адамдардын мындай укуктары Халифалык мамлекетинин конституция долбоорунда белигиленген.
160-берене: Мамлекет бардык адамдар үчүн акысыз медициналык кызматты камсыздайт, бирок, дарыгерлерди жалдоого жана дары-дармек соодасына тыюу салбайт.
Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…
Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…