Тажикстан Кыргызстан менен болгон чек арасын жапты

Тажикстан Кыргызстан менен болгон чек арасын жапты

 Тажикстан бир тараптуу тартипте тажик-кыргыз чек арасынан адамдарды жана жүктөрдү өткөрүүнү токтотту. Бул тууралуу чек ара кызматы кабар таркатты.

“2018-жылдын  8-февралында Тажикстан бир тараптуу “Кулунду” жана “Кайрагач” өткөрүү бекеттеринен адамдардын, транспорт каражаттарынын жана жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салды”,- деп айтылат кабарда.

“Кулунду” эл аралык өткөрүү бекети болгондуктан киргизилген чектөөлөр үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок.

Тажикстан менен Кыргызстандын жалпы чек арасы 970 чакырымды түзөт. Анын 451 чакырымы ушуга чейин тактала элек. СССР таркагандан кийин эки мамлекет ортосундагы чек арада кеминде 70 талаштуу аймак бар.

 Өткөн 25 жыл ичинде Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда мамлекеттик чек ара тууралуу келишимге кол коюлган эмес. Чек ара сызыгы аныкталбагандыктан, бир нече ирет куралдуу кагылышуулар да болуп өткөн.

 Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбековдун февраль айынын башында Душанбеге болгон расмий сапарында чек ара маселеси негизги маселелердин бири катары каралган.

Кабарда айтылышынча, 8-февралда, тажик чек арачылары Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Сай аймагындагы көпүрөгө өтө турган жолду жаап, чек арачылардын саны көбөйтүлгөн. Чек арадагы чыңалууга Кыргызстан жарандары тарабынан Сада каналы үстүнө курулган көпүрө себеп болушу мүмкүн.

“Лейлек районуна караштуу эл жыш жайгашкан Сада конушуна Сада каналы (Гуляндоз) аркылуу мектеп окуучулары үчүн көпүрө курулгандан кийин ал аймактагы өткөрүү бекеттеринин иши токтотулду. Көпүрө курулганга чейин окуучулар ири аралыкты басып өтүүгө аргасыз болуп жатышкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, тажик чек арачылары мектеп окуучуларынын сабакка барып-келишинде кыйынчылыктарды жаратып келген”,- деп айтылат маалыматта.

“Учурда эки мамлекеттин чек арачылары ушул маселени чечүү үчүн жолугушуу өткөрүүдө. Чек арада абал салыштырмалуу туруктуу”,- деп айтылган кабардын соңунда.

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

2 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

2 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

24 hours ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago