Сабыр ыймандын жарымы
Ар бир инсан бул дүйнөгө келип акыл кирген соң, өзү тууралуу, жашоо тууралуу, айланасындагы нерселер тууралуу ой жүгүртүүсү табигый көрүнүш. О.э адам бул дүйнөдөгү заттар кайдан келгенин, кантип пайда болгонун, а түгүл бир күн келип түгөнгөн соң каякка кетиши тууралуу ой жүгүртүүсү да табигый. Инсан тээ мына ушул маселеге чечим тапканга чейин, анын жүрөгү тынчтанбайт.
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара суу районуна караштуу Кең-Сай айылында 1976-жылы туулган Абдурахимов Валижан Марипович дүйнө иштери менен бирге өзүнүн жогорудагы негизги маселесине да тынымсыз чечим издечү. Валижан Кыргызстанда иш алып барган Хизб ут-Тахрир көтөрүп чыккан пикирлер менен алгачкы таанышкан күндөн тарта ал өзүн ойлондурган бардык маселелердин чечимин тапкандай кубанды. Ошол убакыттан баштап бүткүл аракети менен Хизб пикирлерин үйрөнүүгө шуңгуп кирди. Хизб пикирлери менен терең таанышып барган сайын ал өзүнүн жашоодогу максаты бир гана Ислам дини негизинде Алланын өкүмдөрүн жер жүзүндө улуу кылуудан тураарын билип калды. Албетте, Валижан бурадарыбыз өзү акыйкат деп билген Ислам динин башкаларга да жеткирүү жолунда тынбай аракет кыла баштады. Тез арада ал көтөрүп чыгып жаткан даъват аркылуу айылдаштарына таанылып кетти.
Анын бул даъват иштери жөнөкөй адамдар менен бирге Кыргыстан күч органдарынын да көзүнө түштү. Бурадарыбыз күч органдары тарабынан болгон түрдүү басым жана коркутууларга карабай өз даъватын бир көз ирмемге да токтотподу. Күч органдары анын даъват жолундагы ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн камакка алуудан башка жол таба алышпады. 2000-жылы июль айында Кара-Суу шаардык ИИБ тарабынан кармалып, 4 күн бою тергөө абагында сакташып, өз жолунан кайттыруу, даъватын токтотуу үчүн түрдүү кыйноолорго алышты. Бирок, Валижан бурадарыбыз өз жолунда бекем туруп, күч органдары тарабынан көрсөтүлгөн басым жана коркутууларга моюн сунбады. Акыры, кыргыз күч органдары кыянат жолуна өтүп, бурадарыбызды Өзбекстан ИИМинин Рахматулло аттуу кызматкерине тапшырып беришти.
Өзбекстанда бир нече ай бою ырайымсыз кыйноолорду көргөн Валижан 2000-жылы күз айларында Андижан облустук соту тарабынан 17,5 жылга эркинен ажыратылды. Жаза мөөнөтүн өткөрүү үчүн өзүнүн катуу режими жана жырткычтарча зулумдугу менен белгилүү болгон Кашкар дарыядагы абакка жөнөтүлдү. Камакта да Валижанды өз жолунан, этикадынан кайтаруу үчүн ар түрдүү адам акылына сыйбай турган кыйноолорго салышты. Анын кайратын сындыра албаган абактын кызматкерлери ага таасир өткөрүү үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнөн да пайдаланууга аракет кылды. Жолугушууга келген апасы жана жубайына, уулуңуз менен жолдошуңүз экстремист, кечирим кат жазып берүүдөн баш тартууда, ошондуктан бошотулбайт. Эгер кечирим кат жазып берсе, силерге да, өзүнө да жеңилдик болмок, деп басым өткөрүштү. Бирок, апасы жана жубайы Валижанды ар дайым кайраттандыра турган сөздөрдү айтып, аны дайыма колдоп келишти.
Өзбекстан күч органдары, айрыкча абактагы учурунда 18 жыл бою түрдүү кыйноолорду улантса да Валижандын кайратын сындыра алышпады. Алланын нусраты менен, бурадарыбыз Өзбекстан соту тарабынан акыйкатсыз белгиленген 17,5 жыл камактагы мөөнөтүн өтөп, 2018-жылдын 2-февралында абактан чыгып келди. Аны бир гана айылдаштары эмес, бүткүл Кара-Суу калкы, а түгүл ушул аймакка жакын облустагы адамдар кудум өз баатырын күтүп алгандай тосуп алышты. Анын абактан чыгып келиши майрамдай болуп кетти. Мына бир нече күн өтсө да бурадарды зыярат кылуу үчүн келип жаткан адамдардын агымы азайган жок. Чындыгында, Аллах мартабасын көтөргөн адамды эч ким кор кыла албайт. Аллах кор кылганды эч ким азиз кыла албайт!
وَلَنَجْزِيَنَّ الَّذِينَ صَبَرُوا أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
“Биз албетте, сабыр кылган заттарды өздөрү кылып өткөн амалдарынан эң көркөм иштерине ажр-сооп беребиз” (Нахл – 96).
Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…
Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…
Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…