Маттис: Сочи жыйыны эмне болгонун көрдүңөр

Маттис: Сочи жыйыны эмне болгонун көрдүңөр

АКШ коргоо министри Жеймс Маттис 29-30-январь күндөрү Сочи шаарында болуп өткөн “Сирия улуттук диалог конгресси” ийгиликсиздикке учураганын тан алды. Маттистин ырасташынча, конференцияда катышкандар күтүлгөн натыйжага жете алышпады. О.э Маттис Женева сүйлөшүүлөрүнө ээн-эркин катышуу үчүн Сирияда айрым шарттарды жаратууга чакырды.

“Биз ИШИМ уюмун жок кылууну жана алардын позицияларын ойрон кылууну каалайбыз. Муну менен  Сирия маселесинде Женева сүйлөшүүлөрүнө тараптардын ээн-эркин катышуусуна шарт түзүлөт”,- деди Маттис Пентагондогу маалымат жыйынында.

“Өзүңөр көрдүңөр, (катышуучулар) Сочи жыйынында эч нерсеге жетише алышкан жок. Натыйжаны көрүү үчүн бул эң татыктуу усул деп эсептейм. Эми алар жана БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стеффан де Мистура да Женевага кайтып келишет”,- деп кошумчалады Маттис.

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо Сочи конференциясынын ийгиликсиздиги Түркияга караштуу оппозиция өкүлдөрү себептүү болгонун билдирди. Анын ырасташынча, оппозиция өкүлдөрү орунсуз себептерди шылтоо кылып, конференцияга катышуудан баш тарткан. Лавровдун сөздөрү “Сочи конференциясынын ийгиликсиздиги Түркия жана анын тарбиясы астындагы оппозицияны айыптоо катары” катары бааланууда.

turkistonkg

Recent Posts

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

15 hours ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

15 hours ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

16 hours ago

«Яхудий жана насронийлер – алардын динине кирмейинче – эч качан сенден ыраазы болушпайт»

Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…

16 hours ago

Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп эсептелет

Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…

17 hours ago

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…

2 days ago