Эргешүү (Таклид) тууралуу
Бисмиллаахи рахмаанир рахиийм
Суроо:
Ассламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху.
Мен (тайсиирул усуул илаа усуул) деген китебиңизден 273-бетинен төмөкүнү окудум: “Бул жерде таштала турган суроо бул: таклид (ээрчиген) кылган адам бир маселеде эле ээрчип жаткан мужтахиддин райын таштап башка бир мужтахидди райына ээрчисе болобу? Бул суроого мындай жооп берилет: Таклид кыла турган адамга шарий өкүм бул – ал өзү ээрчип жаткан мужтахиддин истинбат кылып чыгарып берген шарий өкүм ага шарий өкүм болуп саналат. Башкача айтканда таклид кылып жаткан адам бир маселеде бир мужтахиддин истинбат кылып чыгарып берген шарий өкүмүнө амал кылып жаткан болсо, анда ал ушул эле маселеде башка бир мужтахиддин истинбат кылып чыгарган шарий өкүмүнө таклид кылып өтүп кетиши болбойт. Анткени ал биринчи таклид кылган мужтахиддин истинбат кылып чыгарган шарий өкүмүнө шарий өкүм катары амал кылып жаткан. Ошондуктан, бул шарий өкүм ага карата шарий өкүм болуп саналат.” Менде ушул жерде суроо туулуп жатат: мисалы, менин энем араб тилин билбейт. Ал Шаафи рахимахуллах истинбат кылган шарий өкүмдөргө амал кылып жатат. Мисалы намазда. Кийин болсо орус тилине которулган башка мужтахиддин намаз тууралуу истинбат кылган шарий өкүмдөрүн окуду. Мисалы Имам Малик рахимахуллахтын истинбат кылган өкүмдөрүн. Аны ал орус тилинде окуду. Энем ушуну менен Шаафи рахимахуллах истинбат кылган шарий өкүмдөрүнө амал кылганды токтотуп Имам Малик рахимахуллах истинбат кылган шарий өкүмдөрүнө амал кылганга өттү. Бул жердеги суроо: ушундай кылган шарий жактан туура болобу? Тактап айтканда арап тилинен башка тил менен таржиих (өкүмдөрдүн күчтүү тарабын тандоо) кылуу мүмкүнбү? Далилдер араб тилинде болушу гана этибарга алынабы? Бул суроону сурап жаткандыгым мен жашаган аймакта көптөгөн мусулмандар бир эле маселеде бир мужтахиддин истинбат кылган шарий өкүмүн таштап башка мужтахиддин истинбат кылган шарий өкүмдөрүнө өтүп кетип жатышат. Ошол эле маалда алар араб тилин билишпейт. Алар аят хадистерди орус тилинде окушат жана аны шарий далил катары келтиришет. Ушул суроого түшүнүктүү кылып жооп беришиңизди өтүнөм. Рахмат.
Жооп
Уа алейкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракаатуху
Эгер мусулман адам бир мазхабга таклид кылса башкача айтканда намазды Ханафий мазхабдын өкүмдөрү негизинде окуса кийин Шаафи мазхабы негизиндеги шарий өкүмдөрү негизинде намаз окууга өтө турган болсо болбойт. Бирок төмөндө айтыла турган нерселерди лаазым тутуу аркылуу өтсө болот:
1. Бир маселеде башка мужтахиддин райына өтүүдө шарий жол менен таржиих кылуу аркылуу болуусу зарыл. Өкүмдүн жеңилдигине, өз напсисине туура келүүсүнө карап өттүүгө болбойт. Анткени көңүл каалоого ээрчүү арам. Аллах айтат: “көңүл каалоого ээрчибе”. Дагы айтат: “эгер бир нерседе талашып тартышсаңар Аллахка жана анын расулуна кайтаргыла” . Ошондуктан таклид кылып жаткан адам бир мужтахиддин райынан экинчи мужтахиддин райына өтүп жатканда Аллах жана анын расулу ыраазы боло турган шарий таржиих кылуу жолу менен өтүүсү зарыл. Шарий таржиих аркылуу өтүү көңүл каалоо менен өтүүнү жокко чыгарат. Таклид кылган адам эки мазхабдын бирөөсүнө өтүүдө шарий таржиих кылуу аркылуу кылбаса көңүл каалоого ээрчиген болуп саналат. Мындай кылуу Аллах жана анын расулуна кайтаргыла деген аяттын маанисине тескери келет. Таклид кыла турган адам эки мужтахиддин биринин райын алуудагы же бир шарий өкүм менен башка шарий өкүмдүн ортосунда шарий таржиих кылууда лаазым болгон шарттар көп. Алардын эң негизгилери: илимдүүрөк болушу, туура түшүнүү идиреги күчтүү болуусу жана адилеттүү болушу шарттары. Таклид кылган адам кимди илимдүү, адилеттүү деп билгенине жараша мужтахидге таклид кылат. Себеби адилеттүү болуу шарты күбөлүккө өтүп жаткан адамдын күбөлүгүн кабыл алууда шарт болуп саналат. Ошондой эле шарий өкүмдү истинбат кылып чыгарып берүү дагы бул шарий өкүм деп күбөлүккө өтүү катары саналат. Ошондуктан, аны истинбат кылып чыгарып жаткан мужтахиддин адилеттүү болушу шарт. Шарий өкүмдөрдү истинбат кылып жаткан адам адилеттүү болушу бирден бир зарыл болгон шарттардын катарына кирет. Ошондуктан шарий өкүмдү үйрөтүп жаткан мугалим болобу же мужтахид болобу айырмасы жок андан шарий өкүм алынып жаткандыктан ал адилеттүү болушу шарт. Бул эң зарыл шарт. Ким Шаафи рахимахуллахты илимдүү жана туура деп билип анын мазхабын карманса анда ал адам башка мазхабга көңүл каалоосу негизинде өтүп кетүүсү мүмкүн эмес. Балким ал өз мазхабынан башка мазхабга бир шарий далилидин негизинде таржиих кылуу менен гана өтө алат. Бул таржиих кылуу да көңүл каалого ээрчүү менен эмес шарий далил аркылуу таржиих кылуу менен гана болот. Ошол эле маалда таклид кылган адам өзү карманып жаткан мазхабдагы башка маслелерди таржиих кылбастан аны таштап башка мазхабга бүтүндөй өтүүсү болбойт!!
2. Адамдар шарий өкүмдү билүүдө эки түргө ажырайт. Биринчиси мужтахид. Экинчиси мукаллид. Алардын үчүнчү түрү жок. Анткени адам турмуш жүзүндө өз ижтихадынан келип чыгып бир шарий өкүмдү карманат . Же башка бирөөнүн ижтихадынан келип чыккан шарий өкүмдү карманат. Шарий өкүмдү карманууда абал мына ушул эки абалдан тышкары чыкпайт. Ушуга негизделип баардык мужтахид болбогон адамдар кандай болуштарына карабастан мукаллид болушат. Таклид кылуу маселеси бул мужтахид же мужтахид эмес болушуна карабастан шарий өкүмдү башка бирөөдөн алуу болуп саналат. Анткени мужтахид өзү ижтихатчы болсо дагы бир маселеде башка мужтахиддерге таклид кылуусу шарий жактан мүмкүн. Ушул учурда ал мужтахид да бул маселеде мукаллид болуп саналат. Ушуга негизделип бир шарий өкүмдө мужтахид башка мужтахиддин райына ээрчигендиктен ал ошол маселеде мужтахид эмес мукаллид болуп эсептелет.
3. Мужтахид – ижтихад кылуу шарттарын толук билген, араб тили боюнча кеңири маалыматка ээ, китеп, сүннөттүн бөлүмдөрүн жетиштүү билген, далилдер ортосунда карама каршылык болгон учурда аларды жамдай алуу, күчтүү тарабын тандай алуу жана теңдей алуу жагынан да терең илимге ээ болушу керек. Андан кийин алардан шарий өкүмдү истинбат кылып чыгуу кудуретине ээ болуусу керек. Мужтахид өз ижтихады менен бир маселеде бир шарий өкүмдү ижтихад кылып чыккандан кийин ал ушул маселеде башка мужтахидге таклид кылуусу жаиз эмес. Балким өз ижтихадынан келип чыккан шарий өкүмгө амал кылат. Ал өз ижтихадынан келип чыккан шарий өкүмгө гана амал кылуусу керек болот аны таштоосу мүмкүн эмес. Бирок, өзү ижтихад кылганда таянган далили заиф (алсыз) экендиги билинген учурда жана башка мужтахиддин ушул маселедеги таянган далили күчтүү экендигин билсе ошондо гана ал өз ижтихадынан келип чыккан шарий өкүмдү таштап далили күчтүү тарабын алат. Ошондой эле далили күчтүү тарабын кабыл албастан далили күчсүз өз ижтихадында калуусу ага арам болот. Бул маселенин баардыгы эгер мужтахид бир маселеде иш жүзүндө ижтихад кылып шарий өкүмдү истинбат кылып чыккан учурда боло турган нерсе. Ал эми мужтахид бир маселде мурдатан ижтихад кылбаса анда ал бул маселеде ижтихад кылбастан эле бул маселеде башка мужтахиддерге таклид кылса жайиз. Анткени ижтихад кылуу фарз айн эмес, фарз кифая болуп саналат. Эгер бир маселеге карата мурдараак башка бир мужтахид тарабынан ижтихад кылынган болсо, ал маселеге карата кайрадан ижтихад кылуусу мужтахидге ваажиб эмес. Балким ал маселеге карата мужтахид ижтихад кылса да кылбастан башка мужтахиддин ижтихадына таклид кылса да жайиз.
Тактап айтканда мужтахид өз ижтихадын таштап башка райды карманууда далилдин күчтүүсүнө карап таржиих кылуу аркылуу гана өтөт.
4. Бул мужтахиддин таклид кылуусу тууралуу болду. Ал эми мужтахид эместин таклид кылуусу эки түрдүү болот: муттабий, аамий. Ал экөөнүн бир мазхабдан экинчи мазхабга өтүүдө ар бири үчүн шарттар бар. Бул экөө бир мазхабдан экинчи мазхабга өтүүдө жеңилине, көңүл каалоосуна карап өтүүлөрү мүмкүн эмес. Балким муттабий да, аамий да шарий таржиих кылуу аркылуу өтүүлөрү ваажиб.
– Муттаби бул кээ бир шарий илимдерди билген адам. Алардын негизгилери:
А. Араб тилин белгилүү бир денгээлде билүүсү. Куранды, хадисти арабча окуганда анын мааннисин түшүнө алуусу. Маанисин түшүнө алуусу деген анын ар бир сөзүн түшүнүүнү түшүндүрбөйт. Балким араб сөздөрүнүн маанисин сурап билип түшүнө алуусу.
Б. Котормодон болсо да Мутаватир, сахих, хасан, заиф хадистердин далаалаттарын билүүсү. Хадис китептеринен сахихтерин билүү илими болушу. Мисалы: Бухаариден же Муслимден окуган хадистерин сахихтерин биле алуусу. Ошондой эле Тирмизийден окуган хадисин ал тууралуу Тирмизий айткандарын биле алуусу. Мисалы: хасан же сахих экендигин. Ошону менен бирге эле сахих хасан хадистердин маанисин заифтен айырмалап түшүнө алуусу.
Муттаби эгер далилин сүрүштүрбөстөн бир мазхабга таклид кылып жүрсө жана кийин амалдардын өкүмдөрү тууралуу башка мужтахиддин далилин билсе мындай абалда далилин билбеген мазхабын таштап далилин билген мазхабга өтөт. Мындай учурда ал амалдардын өкүмдөрүнүн далилин билген мазхаб шарий жактан ага карата басымдуу (таржиих) болуп саналат.
Башкача айтканда муттаби бир мазхабдан экинчи мазхабга өтүүсү шарий таржиих кылуу аркылуу гана болот. Тактап айтканда муттаби өзү далилин билген өкүмгө амал кылат далилин билбеген өкүмгө амал кылууну таштайт. Бул ага шарий таржиих болуп саналат.
Ал эми аамий болсо анын шарий илими жок. Араб тилин билбейт. Ошондой эле китеп, сүннөт жана далилдер тууралуу да илими жок адам. Ал Аллахка мазхабы же шейхи кандай көрсөтүп берсе ошондой сыйынат. Мындай абалда кандай маселе болушуна карабастан бир мазхабдан экинчи мазхабга өтө албайт. Бир гана шарий таржиих кылуу аркылуу өтөт. Аамийдин таржиих кылуусу өзү таклид кылган адамга болгон ишеними аркылуу болот. Мисалы, таклид кылган адамын таква, ага көпчүлүк адамдар ээрчиген, өзүнүн атасы таклид кылган, адамдарга илим үйрөткөндүгү аркылуу ага бекем ишеним жаратуусу менен болот. Мындай абалда аамий мазхабын таштап башка мазхабга өтө албайт. Бирок жогоруда айтып өткөнүбүздөй өзү таклид кылган мазхабынан башка мазхабдын далили күчтүү деп ага бир адамдын үйрөтүүсү ошол адамды таклид кылып жаткан адам өз мазхабында таква илимдүү экендигине ишенип кадыржам болсо, ал ишеним жаратып жаткан адамы Ханафий мазхабында намаз окуп ага намаз өкүмдөрүн түшүндүрүп берсе жана ошол жаатта анын илимдүү экендигине бекем ишенип кадыржам болсо, бул абалда ал ишеним жана кадыржамдык таржиихи менен намазында Шаафи мазхабынан Ханафи мазхабына өтөт.
Тактап айтканда аамий бир райдан экинчи райга өтүүдө таржиих кылуу менен гана өтөт. Аамий үчүн таржиих кылуу бул – өзү таклид кылып жаткан мазхабдан башка мазхаб тууралуу далилдерди үйрөтүп жаткан адамды өз мазхабында таква, адилеттүү, илимдүү деп ага бекем ишенип кадыржам болуусу таржиих болуп саналат. Ал качан үйрөтүп жаткан адамга таква, илимдүү деп ага ишенип кадыржам болсо өзү карманып жургөн мазхабын таштап үйрөтүп жаткан адамдын мазхабын кармануусу жайиз.
5. Эгер таклид кылууга илими жетип таклид кылган мужтахидинен башка мужтахиддин райын карманууну кааласа анда ал таржиих кылуу аркылуу гана болот. Далилин билбей таклид кылып кийин далилин билип башка мужтахидге таклид кылуунун же өзү таклид кылган мужтахиди далили башка мужтахиддердин далилине караганда күчтүү деп ишенип таклид кылуунун айырмасы жок. Шарий таржиих кылуу аркылуу гана бир райды таштап экинчи райга өтүлөт. Ал эми анын илими кандайдыр бир маселеде таклид кылууга жетпесе, таклид кылууну эми баштап жатса, анда ал кайсы мужтахид болбосун далилдерине, илимдүрөөк экендигине ишенип кадыржам болгон мужтахидине таклид кыла берет.
Эске сала кетчү нерсе бир маселеде толук түрдө бир мужтахидге таклид кылуу ваажиб. Мисалы, намаз маселесинде толук түрдө (даарат алуу, кыям, рукуларда) бир мужтахидге таклид кылынат. Мунун өкүмдөрүнүн баары бир мужтахиддин райынан алынат. Намаз өкүмдөрүндө Ханафийдикин алып дааратта Шаафийдики алынбайт. Балким баардыгында бир мужтахиддин гана райы алынат. Ал эми намаздан тышкары орозо, ажылык сыяктуу намаздан тышкары маселелерде башка мужтахиддин райын карманса жайиз.
6. Ушуларга негизелип сиздин сурооңуздагы бир туугандарыбыз. Алар араб тилин билишпегендиктен, өздөрүн муттабинин катарында санап далилдерди котормолор аркылуу алып, биринчи карманган мазхабдарын таштап башка мазхабга өтүүлөрү туура эмес. Себеби, өздөрүн муттаби саноолорунун вакыйы муттабинин вакыйына дал келбейт. Анткени, алар араб тилин билишпейт. Ошондуктан, котормолор мазхабды таштап башкага өтүүгө жетишсиздик кылат. Балким, аамий сыяктуу ага бирөө таржиих кылып берүүсүнө муктаж. Далилдердин арабчасын окуп түшүндүрүп берип, бул мазхабдын далилдерине карганда бул мазхабдын далилдери күчтүү деп түшүндүрүп берген ишенимдүү адамга муктаж. Анын таквалыгына, илимине түшүнүгүнө ишенип кадыржам болсо гана ал таклид кылган мазхабын таштап, өзү ишенип жаткан адам көргөзгөн мазхабга өтсө болот.
Тактап айтканда бул бир туугандар бир мазхабдан экинчи мазхабга өтүүдө араб тилин билбей туруп котормолорду окуулары жетиштүү эмес. Балким аамий сыяктуу ага күчтүү далилдерди көргөзүп бере турган жана өзү анын таквалыгына, илимдүүлүгүнө ишенген бир адамдын болуусу зарыл.
2018. 02. 01.
Ато бин Халил абу Рушта.
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…
Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…
Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…